БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улакчы жигиттин музду жарып шыргалаң суудан торпокту алып чыккан окуясы борбор калаанын "Ак-Бата" жаңы конушунда болгону такталды.
Эскерте кетсек, 11-январь күнү видео тарап, окуянын Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ак-Бата айылында болгону маалымдалган.
Улакчылардын арасынан аба ырайынын сууктугуна байланыштуу суу ичинен торпокту алып чыгууга эч ким батына алган эмес. Куштарбек аттуу жергиликтүү улакчы сырткы кийимин чечип, торпокту суу алдынан таап алып чыккан. Улак чабышты өткөрүп жаткан той ээси анын эрдигин баалап, кой белек кылганы белгилүү болду.
Улакка түшкөндөрдүн арасынан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.