Жаңы жолдогу автоунаа. Архив

Кыргызстандын жаңы жолдоруна эми 5 жыл кепилдик берилет

87
(жаңыланган 11:10 13.01.2018)
Мындай шарт жолду башынан тарта турган подрядчыларга коюлмакчы

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик бериле турганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөртүүлөр киргизилген "Автожолдор тууралуу" мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эми мыйзамга ылайык, жол курууга белсенген подрядчы ага беш жылдык кепилдик бериши шарт. Ал эми реконструкцияланган жана кайра оңдолгон жолдорго мурункудай эле 3 жыл кепилдик берилет.

Мыйзам 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

87
Белгилер:
баш мызам, президент, курулуш, жол
Тема боюнча
Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу келишимине жайында кол коюлат
Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында бир катар кемчиликтер аныкталды
Пикирлер