Кадамжайдагы "Чечме" булак Өзбекстанга өтүп кетеби? Жергиликтүүлөр митингге чыгышты

© © SputnikПриграничные вопросы Кыргызстана с Узбекистаном
Приграничные вопросы Кыргызстана с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечме айылынын жашоочулары Бирлик айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына нараазычылык билдирип чыгышты. Тургундар "Чечме" булагын Өзбексткан менен биргеликте пайдаланууга макул эмес.

БАТКЕН, 12-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндөгү Чечме айылында жергиликтүү жашоочулар "Чечме" булакты Өзбекстан менен биргеликте колдонууга каршы экендигин айтып нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Садыкбек Каламов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өкмөттөр аралык комиссия аталган аймакта тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыктан эл арасында "Чечме" булак мындан ары Өзбекстан тарап менен биргеликте колдонулат деген маалымат тараган.

"Комиссиялык топтун бизге берген маалыматы боюнча мындан ары "Чечме" булак эки тараптуу пайдаланылат экен. Кантип биз өзүбүздүн чек арада турган булакты Өзбекстан тарапка берип коебуз. Сууну пайдаланууга макулбуз, бирок булакты бербейбиз", — деди Каламов.

Граница Кыргызстана с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: декабрда чек арада алты эсе көп мыйзам бузуу катталды
Айыл тургуну Чакмак Максымов аталган булактын суусунун үчтөн бир бөлүгүн гана кыргыз айылы колдонгондугун айтат.

"Суунун калган бөлүгү Өзбекстанга агып өтөт. Эгерде эки тараптуу колдонуу чечими кабыл алынса анда уруш, жаңжал көп болот, суу бизге тийбей калат", — деди ал.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жергиликтүүлөрдүн кооптонуусуна эч негиз жок экенин билдирди.

"Кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттер аралык комиссиянын аймактагы тактоо иштери аягына чыга элек. Жумуш аягына чыкмайынча өкмөттөр аралык комиссия коомчулукка толук маалымат бере албайт. Эл арасындагы түшүнбөстүктөргө эч кандай негиз жок", — деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова.

Бүгүнкү күндө "Чечме" булагы аталган айылдагы бир жарым миңге жакын калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздап турат. Жергиликтүүлөр аталган булакты касиеттүү жай катары эсептеп, айланасын жыл сайын таштандылардан тазалап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0