Чиновниктерге коюлган "дизлайк". Соцтармак кыргыз бийлигине кантип жол көрсөтөт

© AFP / LIONEL BONAVENTUREЛоготип социальной сети Facebook
Логотип социальной сети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта социалдык тармактардын күчү керемет болуп турган кез. Интернет колдонуучулардын нааразычылыгын укканда жадакалса өлкөнүн биринчи адамдары дагы чечимин өзгөртүп ийген учурлар бар.

Мисалы, шаардыктар соцтармактарда "даттангандан" кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын кортежин өткөрүү үчүн өкмөттүк жолду толугу менен жабуу токтотулду.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушундай учурларды тизмектеп көрдү.

Милдеттүү салыктар ыктыярдуу салыкка айланды

2016-жылдын февраль айында унааны милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) жана турак жайды камсыздандыруу боюнча эки мыйзам күчүнө кирмек. Бирок интернеттеги ызы-чуу ОСАГОну эки жылга жылдырып, турак жайды камсыздандырууну ыктыярдуу кылууга түрткү болду.

Картондо уктаган бала

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынан тартылып алынган сүрөт. Картондо уктаган Исхак
Фото с социальной сети Facebook пользователя Лайли Камаловна. 3-летний мальчик по имен Исхак спит на картоне. - Sputnik Кыргызстан
Facebook социалдык тармагынан тартылып алынган сүрөт. Картондо уктаган Исхак
Ош облусунун "Кара-Суу" базарында картондун өстүндө уктап жаткан наристенин сүрөтү интернетке тарап, коомчулукту уу-дуу кылган. Кийин баланын апасы Зульфия күйөөсү таштап кеткенин, үй-бүлөнүн баш калкалар жери жок экенин айткан. Жергиликтүү башкаруу органдары ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен окуянын чоо-чайын иликтеп, аялдын дагы, баланын дагы документтери жок экенин аныктаган. Жыйынтыгында кароосуз калган үй-бүлөгө Ош шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылынды

Жолдогу адам "өлтүрүүлөргө" каршы

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Акыркы жылдары коомчулук жол кырсыктарына көбүрөөк тынчсызданып, бийликтен буга карата чара көрүүнү талап кылышкан. Тагыраагы, Facebook тармагында "Мен коопсуз шаарды талап кылам" аттуу акция өткөрүшкөн. Жыйынтыгында Атамбаев жолдогу коопсуздук боюнча кеңешме өткөрүүнү тапшырган

Ал эми премьер-министр өткөн жылдын август айында бул жааттагы реформанын 148 иш-чарадан турган планын бекитти. Анын алкагында Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзүлдү.

Ботаникалык бакты арачалап калганда…

© Sputnik / Акылбек БатырбековБотаникалык бактагы өрт
Пожар в южном Ботаническом саду в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ботаникалык бактагы өрт
Бишкектеги Ботаникалык бакка 18 миллион долларлык ветеринардык лаборатория куруу пландалган. Ага Кытай каражат бөлүп жаткан. Бул жаңылык шаар тургундарын жана адистерди тынчсыздандырган. Көп өтпөй эле аталган бакта бир неч жолу өрт чыгып кетти. Мындан улам эл арасында бийлик жерди "тазалап" жатат деген кеп тарап кеткен болчу. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жетекчилик тараптан тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес деген күнөө менен Ботаникалык бактын директорунун орун басары Медет Ахматов кызматтан алынган

Ал эми август айында ошол кездеги президент Атамбаев лабораториянын курулушуна каршы чыккан

Жумуш ордунда "көңүл ачкан" архитекторлор

Өткөн жылдын ноябрь айында интернетте шаар тургундары тартып алган видео чыккан. Анда "Бишкекбашкыархитектурасынын" кызматкерлери кызмат ордунан спирт ичимдиктерин ичип, көңүл ачып жатканын көрүүгө болот

Бул окуядан кийин эки бөлүм башчы кызматтан айдалган. Дагы эки архитектор өз каалоосу менен арыз жазып, жети кызматкер сөгүш алган.

Өз баласын ичке тапкен ата

2017-жылдын декабрь айынын башында өзүнүн жерге жыгылып калган эки жашар уулун ичке тапкен адам тууралуу видео тараган. Окуянын каарманын милиция ошол эле күнү тапкан. Ага "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген

Кийин ал Мамлекеттик каттоо кызматында иштери, бирок окуядан соң кызматынан бошотулганы айтылган. Анткен менен 10-январь күнү болгон сотто баланын энеси жолдошуна доосу жок экенин айтып, иш кыскартылды.

Кабинеттеги коңурук

Жума башында социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө уктап жатканы тартылган видео тараган. Кийин мас абалында уктап жаткан адам Ноокат РИИБдин жетекчиси Жигит Дубанаев эмес, райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов экендиги аныкталды. Бирок ал өз кабинетинде шире гана ичкенин, ага бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп салышы мүмкүн экенин божомолдогон. Жыйынтыгында жетекчи "Мамлекеттик кызмат тууралуу" мыйзамынын "Жумушка спирт ичимдиктерин, наркотикалык заттарды колдонуп келген" деген пункту менен кызматынан четтетилди

Жаңылыктар түрмөгү
0