"Электр станциялары" ишканасы ТЭЦтин от казандарын 29 млн. сомго оңдотот

Жазылуу
12-январда жарыяланган тендердин мөөнөтү 5-февралда аяктайт

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы ТЭЦтин от казан агрегаттарын оңдотуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана оңдоо иштерине 29 миллион 375 миң 766 сом сарптоого даяр.

Тендер 12-январда жарыяланып, мөөнөтү 5-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0