Уулун жоготкон, дипломаттап акча чачкан Чубак Сатаев. Талант тууралуу 9 факты

© Фото / Кубаныч СатаевПамятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе
Памятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү аткаруучу Чубак Сатаев жашоодон эрте кетпегенде бүгүн, 13-январь күнү, 58 жашка чыкмак

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
Ал 1960-жылы Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Чыгармачылыкка аскерден келип, үй-жайлуу, бала-чакалуу болгондон кийин аралашкан. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу деген сөз бекер айтылбаса керек, Сатаев ыр менен обондон тышкары, сүрөт тартып, багбанчылыкка дагы кызыкчу экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ырчынын аз, бирок саз жашаган жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Пародист. Алгач чыгармачылыкка пародист катары кадам таштаган. Ошол эле учурда анда-санда ырдап жүргөндүктөн чогуу иштеген ырчы Тургуналы Нурматов "Чубак, сен ырдашың керек, талантың бар" деп анын ыр дүйнөсүнө сүңгүп кетишине түрткү болгон. Алгач "Таң нуру" эстрадалык тобу менен иштеп, 26 жашында "Арман ай" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. 

© Фото / из семейного архива СатаевыхБелгилүү аткаруучу Чубак Сатаев
Исполнитель Чубак Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү аткаруучу Чубак Сатаев

Кыргызстан менен Казакстанга бирдей таанылып… Сатаев жаңы таанылып жаткан мезгилде эл көбүнчө ырларды магнитофондон кассета аркылуу угуп жүргөн кез экен. Казакстандын Тараз шаарынын Таласка келип-кеткен айдоочулар Сатаевдин кассеталарын алып кетип, үйдөн, машинадан угуп жүрүп, кыргыз ырчысынын аты коңшу өлкөдө дагы таанылган.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул - Sputnik Кыргызстан
Кылымда бир жаралчу алп балбан Каба уулу Кожомкул тууралуу 9 факты
Гастролду ишкерликке айланткан. Гастролду жеке ишкерлик катары баштаган алгачкы артисттердин сап башында турган. Өзүнө музыканттардан турган команда топтоп, бардык облустарды, Россия, Казакстанды кыдырып келген. "Атамдын менеджерлик сапаты бийик болгонун мындан көр, концерттерди уюштуруп, ондогон адамдардын башын бириктирип, аларды багып, айлыгын төлөп берчү. Кыргыз эл артисти, өзүмдүн кайненем Саламат Садыкова тамашалап "Чубак дайыма бир микрорайон элди ээрчитип жүрчү" деп айтып калат" дейт уулу Кубаныч Сатаев.

Филармониядагы бир айлык концерт. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын тарыхында биринчи ирет бир ай бою эки сеанс менен концерт берген Чыбак Сатаев болгон. Бул тууралуу учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун "Мен Ошко кетип баратканда Чубак концерт берип жаткан. Бир топ убакыт жүрүп кайра келсем, концерт дагы деле бүтө элек экен" деп эскергени бар.

Рысбай Абдыкадыровдун "уулу". Айтылуу Рысбай Абдыкадыровдун өз уулу жок болгондуктан, Чубак Сатаевди "менин баламсың" деп, экөөнүн ата-баладай мамилеси болгон. Мындан улам Абдыкадыров өзүнүн бир эмес, эки аккордеонун Сатаевге белек кылган. Бирок обончу ага бир гана аспап жетерин 

Литературно-сатирический вечер, посвященный 100-летию поэта, драматурга и сатирика Мидина Алыбаева - Sputnik Кыргызстан
Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"
айтып, экинчисин алуудан баш тарткан экен.

Эл билбеген үч ыры. Өткөн жылы бейтааныш адам обончунун келин-уулуна кайсы бир тойдо Сатаев менен бирге отурган видеосун берген. "Ал видео кошунанын туулган күнүндө тартылган экен. Сапаты начар, бирок атабыз менин жаңы ырларым деп үч ырын аткарган экен. Бири "Бишкек", экинчиси "Карылык", үчүнчүсү "Сүйүүм ай" деген чыгармалар. "Сүйүүм айды" жаздырып жолдошум экөөбүз дуэт ырдап чыктык. Экөөнү ушул жылы Кубаныч ырдайт" деди келини Кундуз Авашова.

Марттыгы. Гастролдо тапкан акчасын тууган-туушкандарына, досторуна аянбай чачып жашаганын уулу Кубаныч айтат. "Атамдын концерттерден түшкөн акчалары бир дипломатка толуп калчу. Аларды айылда болобу, шаарда болобу жакындарына каалаганын алып берип, айтор, чоң майрам кылчу. Ошол күн туугандарга жомоктой сезилчү" деди ал. 

© Фото / Кубаныч СатаевКубаныч Сатаев
Отечественный певец Кубаныч Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Кубаныч Сатаев

Алты жашар уулунан ажыраган. Сатаевдин Кубаныч, Бакыт жана Таалай аттуу үч уулу болгон. Өзү тамашалап "Кубаныч чоң атасынын баласы, Бакыт меники, Таалай апасыныкы" деп айтчу экен. Тагдырдын сыноосубу, айтор, "меники" деп өзгөчө жакшы көргөн уулу Бакытты алты жашында унаа коюп кетип чарчап калыптыр. Анын артынан бир жылдан кийин эле обончу өзү о дүйнөгө узаган.

Экинчи аялынан бала көргөн эмес. Биринчи үй-бүлөсү менен ажырашып, экинчи жолу үйлөнгөн келинчеги менен Сатаев жети бир бирге жашаптыр. Бирок андан бала көргөн эмес. Анткен менен обончунун уулу Кубаныч атасынын дал ошол экинчи жубайы гасролдорго көп коштоп жүрүп, чыгармачылыгын тереңирээк билерин айтып жүрөт. Сатаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында эки жубайы тең боз үйдө жоктоп отурган экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0