Акын Кармышак Ташбаев дүйнө салды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков70-летие победы Великой Отечественной Войны
70-летие победы Великой Отечественной Войны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош мэриянын өкүлдөрү Ташбаев эки күндөн кийин, тагыраагы 15-январда, 83 жашка чыкмактыгын айтышты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Белгилүү акын жана котормочу, прозаик, публицист Кармышак Ташбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаар муниципалитетинин өкүлдөрү Ташбаев эки күндөн кийин, тагыраагы 15-январда, 83 жашка чыкмактыгын айтышты.

Ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Жолон Мамытов атындагы адабият сыйлыгынын лауреаты болгон.

Ташбаев тууралуу шакирттеринин бири, акын Зинакан Пасанова жакшы устат болгондугун белгиледи.

"Өзү адеп-ахлакты туу туткан, байлык, бийлик, атак-даңкка жулунбаган, айкөл, даанышман асыл адам эле. Артында жыйырмага жакын китеби, адабий баалуу мурасы, шакирттери калды", — деди ал.

Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Комузчу Фахридин Баяков көз жумду
Ташбаев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетиндеги журналистика бөлүмүн аяктагандан кийин чыгармачылыкка аралаша баштаган.

Ал 1965-жылдан баштап облустук "Ленин жолу" гезитине алгач котормочу, кийин адабий кызматкер болуп иштейт. 1969-жылдан баштап республикалык "Кыргызстан пионери" гезитинин Ош облусу боюнча кабарчылык милдетин аткарган. 1976-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Ош облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы болуп иштеген.

Ташбаев "Кыргыз тоолору", "Мен көргөн жаздар", "Багыт", "Мезгил күүсү", "Мезгил – тулпар", "Канаттуу тоолор" ырлар жыйнагынын, кичинекей балдар үчүн "Too жана төө" деп аталган жыйнактардын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0