Ош аэропорту тумандан улам жабылды

© AFP / Koen van Weel / ANP Аэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык каттамдар Бишкекке конууда

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ош аэропорту калың тумандан улам жабылганын эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Керек учурда далбастап... Ошко жаңы аэропорт курууга инвестор табылабы деги?
Аэропорт саат 00:30дан тарта учактарды кабыл алган жок жана бир да учак учкан жок.

Москва менен Иркутск шаарынан келген учактар Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортунун кошумча аэродромуна келип конгон. Андан сырткары, Бишкек — Ош каттамы боюнча уча турган учактар дагы деле кармалып турат.

Каттамдар боюнча "Ош" аэропортунун 0 (3222) 9-01-01 сурап-билүү телефон номери аркылуу тактоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0