Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү атып түшүрүлөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРКарты атып түшүрүү. Архив
Карты атып түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү ыкчам топ чыгып кетти

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрү атайын атып түшүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 16-январдан 22-январга чейин аталган жол каттамдын 132-137чи, 198-255-чакырымдарында кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, аны аткарууга КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын артиллериялык расчету тартылат.

"Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участоктор гана убактылуу жабылат. Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү атайылап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жолдорду кардан тазалоону камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жол коопсуздугун Ички иштер министрлиги камсыздайт. Андан сырткары, Саламаттык сактоо министрлигинин медицина кызматкерлери артиллериялык расчеттук иш аяктаганга чейин коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0