Чүйдүн бир катар бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"Газификация жилых массивов Бишкека и Чуйской области
Газификация жилых массивов Бишкека и Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы мындай оңтойсуз абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин эскертет

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүй облусунун айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөрүн "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Ага ылайык, көгүлтүр от 16-январдан 18-январга чейин жок болот.

Отключение газа в Бремене - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым аймактарында дээрлик эки жума газ болбойт
16-17-январда Чүй облусунун Онбир-Жылга айылынын Комсомол, Подгорный, Чүй, Центральный көчөлөрүндө;

18-январда Токмок шаарынын Амбулаторный көчөсүнүн № 31-52, Шамсинcкий көчөсүнүн №45-61г, Пионер көчөсүнүн №66, Татар көчөсүнүн №33-35а, Заводская көчөсүнүн №116а, №51-57 жана Ленин көчөсүнүн №352-356 даректеринде убактылуу газ токтотулат.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы мындай оңтойсуз абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0