WhatsApp тиркемесинин жаңы версиясында өзгөчө функциялар киргизилет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өзгөчө функциялар тиркеменин бета-версиясында жеткиликтүү

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. WhatsApp тиркемесинин жаңы версиясында аудио чалуудан дароо видеочалууга өтүп кеткен функция киргизилет. Бул тууралуу The Independent басылмасы билдирди.

Буга чейин аудио чалуудан видео чалууга өтүү үчүн сүйлөшүүнү бүтүрүп, кайра видео чалуу жасоо керек болчу. Эми колдонуучулар аудио чалуу учурунда экрандан камеранын сүрөтүн басып видео чалууга тоскоолдуксуз өтө алышат.

Учурда WhatsApp тиркемесинин жаңы функциялары 2.18.4 Android базасынын бета-версиясында жеткиликтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0