Муай-тай, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченконун архивдик сүрөтү

Валентина Шевченко мушташкандан сырткары сүрөт дагы тартат. Видео

252
(жаңыланган 11:22 17.01.2018)
Мушкер кыз буга чейин күйөрмандарын чыгыш бийин да бийлей аларын көрсөтүп таң калтырган

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Муай-тай, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко сүрөт дагы тартат.

Валентинанын тарткан сүрөттөрүн эжеси Антонина Facebook баракчасына жарыялады. Видеодо сүрөттөрдү мушкер кыз 2002-2005-жылдары тартканы жазылган. Андан Манасты, Байыркы Египеттеги жоокерлерди жана көлдү көрүүгө болот.

Валентина Шевченко гитарада ойноп, тапанча менен таамай атып, латын америка жана чыгыш бийлерин чимириле бийлейт.

252
Белгилер:
Сүрөт, Валентина Шевченко, Ысык-Көл
Тема боюнча
Валентина Шевченко чыгыш бийин чимириле бийлеген видеосун чыгарды
Шевченко колдонгон ыкма 2017-жылдагы UFC рейтингинин бештигине кирди