Бишкекте сасык тумоо боюнча абал кандай? Инфекциялык ооруканадан жооп

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам сурап кайрылгандар азайып калгандыктан, инфекциялык ооруканада орун жетишсиздиги жок

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Учурда Республикалык инфекциялык ооруканада сасык тумоо дарты менен 120 адам дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин сөзүнө таянып Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дарыланып жаткандардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар.

"Кечээ, 16-январь күнү, биздин ооруканага 37 адам кайрылган, 26сын жаткырдык", — деди Аалиев.

Дарыгер кошумчалагандай, учурда сасык тумоо жана грипп боюнча абал туруктуу. Жардам сурап кайрылгандар азайып калгандыктан, ооруканада орун жетишсиздиги жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0