Алматыда өткөн билим олимпиадасында кыргызстандыктар 7 медалга ээ болду

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту
Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан жалпысынан 28 окуучу барган

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту
Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту
© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"Олимпиада 10-16-январь күндөрү Алматы шаарында өтүп, 15 өлкөдөн келген 483 окуучу математика, информатика жана физика сабактары боюнча күч сынашкан.
Олимпиада 10-16-январь күндөрү Алматы шаарында өтүп, 15 өлкөдөн келген 483 окуучу математика, информатика жана физика сабактары боюнча күч сынашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Олимпиада 10-16-январь күндөрү Алматы шаарында өтүп, 15 өлкөдөн келген 483 окуучу математика, информатика жана физика сабактары боюнча күч сынашкан.
1/2
Казакстанда өткөн Жаутыков атындагы XIV эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту
2/2
Олимпиада 10-16-январь күндөрү Алматы шаарында өтүп, 15 өлкөдөн келген 483 окуучу математика, информатика жана физика сабактары боюнча күч сынашкан.

Олимпиада 10-16-январь күндөрү Алматы шаарында өтүп, 15 өлкөдөн келген 483 окуучу математика, информатика жана физика сабактары боюнча күч сынашкан.

Кыргызстандан жалпысынан 28 окуучу барган.

Центральный европейский банк - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик билим берүүнү өркүндөтүү үчүн Кыргызстанга 10 млн. евро берди
Информатика сабагынан "Ош-Сема" лицейинин 11-классынын окуучусу Акбар Мадаминов күмүш медалга ээ болду. Ушул эле лицейдин 10-классынын окуучусу Мирбек Бакиров жана Караколдогу Хусейин Карасаев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов коло медалга ээ болушкан.

Математика сабагынан Хусейин Карасаев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Дослан Жекшеев күмүш медаль тагынган. Аталган лицейдин 11–классынын окуучусу Азамат Мырзабеков, Cambridge Silk Road International School эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Артур Садиков жана Нурдөөлөт Өмүрбеков коло медалга ээ болушту.

Бул олимпиада 2005-жылдан бери 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0