Нарын казыяты муктаж үй-бүлөлөргө бирден бооз уй берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖизнь чабанов в Республике Алтай
Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалдык жардам социалдык коргоо мекемелеринде жана казыятта тизмеде турган жарандарга берилип келет

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Нарын облусунун казыяты шаар хатибияты менен биргеликте жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк жактан жардам берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, Нарын шаары, Нарын району жана Ат-Башыдагы беш үй-бүлөгө бирден бооз уй берилген.

Жалгыз-Терек айылынын тургуну, көп балалуу жалгыз бой эне Айнагүл Сатылганова малдын башын кармап каларын айткан.

"Жолдошум сегиз жыл мурда кайтыш болгон. Берген жардамыңыздарга чоң ырахмат, бул уй тууса, буюрса мал кылып алабыз", — деген ал.

Алакандагы буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү муктаж үй-бүлөлөргө муфтият кой, буудай жана көмүр таратты
Нарын шаарынын баш имам хатиби Азатбек Оруналиевдин айтымында, кайрымдуулук иш Нарын казыятынын жана демөөрчү жарандардын демилгеси менен ишке ашырылган.

Эскерте кетсек, материалдык жардамдар социалдык коргоо мекемелеринде жана казыятта тизмеде турган жарандарга берилип келет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0