Ат-Башы: айылдыктар муз аянтчасында шамал менен жарыша жылгаяк тебүүдө

© Фото / Тазабек Кабыл уулуНарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр муз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сомдон

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды. Аны ачкандардын бири Тазабек Кабыл уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айылдашы Турганаалы Манас уулу менен биргеликте 10-декабрдан тарта муз тоңдуруп, даярдыктарды көрүп башташкан.

© Фото / Тазабек Кабыл уулуНарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды
© Фото / Тазабек Кабыл уулуМуз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сом.
Муз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сом. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Муз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сом.
1/2
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында тургундар үчүн муз аянтчасы ачылды
2/2
Муз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сом.

"26-декабрда муз аянтын айылдык депутаттардын катышуусу менен ачтык. Жашоочулар аябай жакшы кабыл алышты. Каникул учурунда окуучулардын бардыгы келип суукка карабай муз тээп жатышты. Азыр окуу башталгандан бери келгендер бир аз азайды, ошентсе де келип коньки тээп жаткандар арбын эле", — деди ал.

Нарын шаарында окуучулар каникулдуу көңүлдүү өткөрүп, шаар бийлиги бир катар спорттук иш-чараларды уюштурду - Sputnik Кыргызстан
Көк жылгаяктагы мелдеш. Нарындык окуучулардын каникулу сүрөттө
Кабыл уулу муз аянтын ачуу идеясы былтыр пайда болгонун айтат.

"Былтыр Кызыл-Туу айылына барганда муз аянтчасын көргөм. Турганаалы Манас уулу менен сүйлөшүп биз да ачалы деп чыгынып, ачтык. Муз аянтына жарык жана башка иштерди жасоого 3-4 миң сомдой кетти. Ал эми конькилерди Бирлик айылынан 15 миң сомго сатып алдык. Алар да былтыр муз аянтчасын ачып, быйыл жасашпаптыр", — деди ал.

Муз аянтчасында коньки тебүүнүн баасы чоң кишилер үчүн саатына 50 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн 30 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0