Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун архивдик сүрөтү

Ар жерден чыккан сөөктү көрүп үрөйүм учту... Өзгөчө кырдаалдар министринин маеги

3013
(жаңыланган 10:21 22.01.2018)
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун ар бир күнү күтүүсүз кырдаал менен коштолот. Ал дайым адамдар өзүн өзү коргоо ниетинде оолак карманган жерлерге барат.

Кубатбек Бороновду ыңгайлуу жерге караганда үрөй учурган кырсык болгон жерлерден көп көрөсүң. Бир сүрөттө ал желим өтүк кийип, сел каптаган жердеги куткаруучулардын ишин көзөмөлдөп жүрсө, башкасында зилзалада каза болгондордун жакындарын жубатып жүрөт.

Кол алдында иштегендерди ал жакын санап "менин балдарым" деп атайт. Айрыкча жаш куткаруучуларды аяганын жашырбайт, алар 18 жашында аябай оор жагдайларга аргасыз күбө болушат.

— Өз жаштыгыңыздан эскерсеңиз.

— Ош облусундагы Зергер айылында туулгам. Атам совхоздун директорлугун аркалачу, абдан катаал киши. Окуучу кезимде мени тоют цехине ишке киргизген. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун.

Жаштык менен атама "уулун башка жакшыраак жерге орноштурса болбойт беле?" деп капа болчумун. Азыр ойлосом, бул тарбиянын эң мыкты үлгүсү болгон экен. Андан кийин армияда кызмат өтөп, университетте окудум. 

Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: окуучу кезимде мен тоют цехинде иштегенмин. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун

— Борборго Фрунзе политехникалык институтунун инженер-куруучу адистиги боюнча тапшырууга келипсиз. Жеңил эле болду беле?

— Ал кезде Советтер Союзу болчу: эгер окууга өтсөң, сени турак жай, стипендия менен камсыз кылышчу. Бардык маселелер мамлекеттин эсебинен чечилчү. Болгону айыл мектебиндеги "төрт-беш" деген баа борбор калаанын ченеми менен "үчкө" да жетчү эмес.

Тил көйгөйү да сезилерлик эле, университетте бардык сабактар орус тилинде өтөт, ал эми бизде – айылда орус жана англис тили боюнча мугалимдер шаардан келет, бир аз иштегенден кийин эле декретке чыгып кетишчү.

Бирок биз үчүн окуудан чыгарылып айылга кайтуудан өткөн уят жок эле. Ошондуктан тырыша окуп, экинчи курста тыңып кеттик.

— Эмнеге куруучу болуп иштеген жоксуз?

— "Фрунзестрой" бирикмесинде таш тизгич болуп бир аз иштедим, бирок кийин СССР ураганда жумуш да токтоду. Анда "бизнес" деген эмне түшүнүк экенин деле эч ким билчү эмес. Бизнесмендерди "алып сатар" деп атап коюшчу. Бирок үй-бүлөнү багуу зарыл. Үч дос болуп пахта сатуучу чакан ишкана ачканбыз. Беш жыл ошол иш менен алектендим. Кийин мени Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чакырып калышты, ошондон тарта, 15 жылдан бери ушул тармактамын. 

Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял министра чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Кубатбека Боронова.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кубатбек Боронов: өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 15 жылдан бери иштеп жүрөм

— Кызматтык тепкичтеги кайсы учурду маанилүү деп эсептейсиз?

— 2005-жылы мекеме реформаланды. Анда жетишерлик жогорку кызматты ээлечүмүн — Жарандык коргонуунун шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчумун. Реформанын натыйжасында менин кызматым жоюлуп калды.

Ишсиз калганыма моюн сунуп калгам. Бирок мага ӨКМдин аймактык башкармалыгынан орун сунушташты – бул өтө эле төмөндөтүү эле! Ошого карабай макул болдум. Ошентип жолумду кайра башынан баштоого туура келди, бирок ошол ийгиликсиз мезгил мени көп нерсеге үйрөттү. 

— Кол алдыңыздагылардын кайсы аракети менен сыймыктанаар элеңиз?

— Менин балдарым аткарган иштердин баары мени сыймыктандырат. Алар өрт өчүрүп, же көчкүдөн адамдарды куткарганда гана баатыр эмес. Кыйын кырдаалга кабылган адамга телефон аркылуу деле көмөктөшүүнүн өзү эле татаал иш, ал үчүн да кандай бекемдик керек.

Коргоо министрлеринин бири "биздин ишке караганда сиздики татаалыраак. Сиздин душмандарыңыз менен тил табышууга мүмкүн эмес" деп айтканы бар. Ооба, биздин душман — жер титирөөлөр, өрт, сел, көчкү. Алар менен күн сайын күрөшөбүз. 2017-жылдын 365 күнүндө 324 өзгөчө жагдай жаралды. 

Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов (слева) и Министр внутренних дел Кыргызской Республики Мелис Турганбаев (справа) в Жогорку Кенеше
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ӨКМ министри Кубатбек Боронов ИИМдин экс-жетекчиси Мелис Турганбаев менен

— Алардын кайсынысы эсиңизде сакталып калды?

— Албетте, аба кырсыгы! Ал күн түк эсимден чыкпай калат окшойт. Мага таңкы жетиде чалып, жүк ташуучу учак кулаганын кабарлашты. Алгач кырсыктын кесепети анчалык көп жоготуу алып келери ойго келбеди. Министрликти аркалаган соңку алты жылда учак аралашкан үч кырсыкта курмандык болгон эмес.

Бардык маселелерди чечип коюп, кырсык болгон жерге 9да бардым. Ал жакта менин балдарым улам ар жерден дененин бөлүктөрүн сууруп чыгып жатышты. Азап эле…

Сөөктүн калдыктарынын көптүгүнөн, кийин белгилүү болгондой 39 киши эмес, башта мага жүздөгөн адам набыт болгондой сезилген. Сөөктөрдү эки сааттай чогулттук. Балдарым үчүн ошол маал абдан татаал болгон.

— Кантип чыдашты?

— Бул үрөй учурган окуя эле! Өзгөчө жаш балдарымды аядым, алар көз алдындагы көрүнүштү көтөрө албай эстен танып жатышты. Аларды медиктер улам карап турушту. 2018-жылы куткаруучулар үчүн психологиялык калыптандыруу борборун ачууну пландоодобуз.

— Өз турмушуңузда эмне менен сыймыктанасыз?

— Адамдарга жасаган жакшылыктан канаат алам. Маселен, 2017-жылы биз кызматтык турак жай куруп, 162 кызматкерибиз өз өргөсүнө ээ болушту. Алардын арасында 20 жылдык өмүрүн ӨКМге арнап, ушул кезге чейин батир ижаралап келгендер бар. Алардын көздөрүндөгү кубанычты көрүү мага чексиз рахат тартуулады.

Анан да… Мен да адаммын, өмүрлүк жубайым, балдарымдын апасы тууралуу айткым келет. Ага мен көп нерсе үчүн милдеткермин, бул айым менен сыймыктанам.

3013
Белгилер:
өзгөчө кырдаал, министр, сөөк, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Эсенгул уулу: эжемдин сунушу менен радиого аралашып калгам
Боронов: Бишкек — Ош жолундагы тыгынга айдоочулар өздөрү күнөөлүү болду
Боронов: күн жылыса мобилдик үйлөрдү кайра жыйнап алабыз
Боронов: көчкү жүрүү коркунучу күч жерде жашагандарды күчтөп көчүрүү мыйзамсыз
Кызматкерлер таштандыны алып кетип жатышат. Архив

Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

36
(жаңыланган 00:43 15.07.2020)
Социалдык тармак колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштандылар кайда ыргытыларына кызыгышкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационар жана "Семетей" обсервациясынан (мурдагы "Ганси" авиабазасы) чыккан медициналык таштандыны жеке менчик компаниялардын бири чогултуп, ташып кетип жок кылат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштанды кайда ыргытыларына кызыгышкан.

"Мындай иш-чаралар Республикалык штабдын тапшырмасы, Жугуштуу ооруларды алдын алуу департаменти, Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу менен жүргүзүлүп жатат. "Семетей" обсервациясындагы медициналык таштандыларды чогултуу, алып кетүү жана кайра иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ элди такталбаган маалыматты тараптоого чакырды.

36
Белгилер:
тазалоо, таштанды, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады

Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт

72
(жаңыланган 00:07 15.07.2020)
Түнкү стационарларда медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады

Эске салсак, борбор калаада түнкү эки стационар ачылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында ачылды. Анда 100 орун даярдалган.

"Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот", — деп айтылат билдирмеде.

Мэрия түнкү стационарларда санитардык эрежелер сактала турганын эскертти. Медиктер тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалганы айтылды.

72
Белгилер:
медик, күрөш, оору, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат