Төрөттөн көз жумган көп балалуу аялдын туугандары дарыгерлерди күнөөлөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке
Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы төрөгөн уулун кошо алганда келиндин артында беш баласы калды

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облустук төрөт үйүндө операция менен төрөгөн аял комага түшүп, 20-январда каза тапты. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын директору Бакыт Болотбеков тастыктады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Токмок шаарынын тургуну бойдон түшүп калуу кооптуулугунан улам ооруканага жаткан.

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиев арыз-дооматтар үчүн жеке WhatsApp номерин жарыялады
15-январда анестезия кылынып, операция жолу менен төрөтүп жатканда аялдын абалы начарлап, жалпы наркоз берилгенден кийин комага түшүп калган.

Ал эми беш күндөн кийин, 20-январда, аял көз жумган. Акыркы төрөгөн уулун кошо алганда артында беш баласы калды. Кыргызстандагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары келиндин туугандары анын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп жатканын жазды. Министрликтин маалымат кызматы аялдын ажалы эмнеден болгондугун тактоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын, бул маселе министр Талантбек Батыралиевдин өзүнүн көзөмөлүндө болорун кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0