Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ала Тоо 24" каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы
Ала Тоо 24 каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жолун Баткенден баштап, Оштон жанданткан журналист кыз бүгүнкү күндө Бишкекте өлкөнүн башкы телеканалында эмгектенет. Ал 16 жашында турмуш жолуна аттанган. Тилекке каршы, күлгүндөй 23 жашында күйөөсүнөн айрылып, үч баланы жалгыз бой тарбиялап келет.

Актилек Гүлжигит кызы учурда КТРКнын курамындагы "Ала Тоо 24" каналында атайын кабарчы жана алып баруучу болуп иштейт. Бирок журналист болуу үч уктаса да анын түшүнө кирген эмес. Эгер курбусу турмушка чыгып кетпегенде балким азыр айылда мугалим болуп жүрмөк.

— Ар бир адам жаңы жылга жаңы кадамдарды пландайт эмеспи. Сиз 2018-жылга кандай план койдуңуз?

— Ушул журналистика тармагында эле өзүмдү ар тараптан сынап көрөйүн деп жатам. Алсак, сюжеттерди башкача форматта алып чыгуу планым бар. Чет өлкөлүк журналисттердин эмгектерин көрүп, салыштырып жүрөм. Ар тараптан байкап, биздин дагы форматка туура келгендей кылып даярдап, жетекчиликке сунуштап көрөм. Негизи планды алдын ала айтпайт дейт, андыктан калганын ишке ашкандан кийин көрө аласыздар. Эң башкы максатым — "Ала Тоо 24" каналынын жаңылыктарын байытып, өз салымымды кошуу. Андан сырткары, 2018-жылы жазуучулук чыгармачылыгымды баштайын деп турам. Өзүм жазган чыгармадан үзүндүлөрдү Facebook баракчама жарыялап, элдин сынына койдум. Жакшы баа беришти. Демек, аракет кылсам болот экен деген ой менен жазуучулук боюнча изденип баштадым. Бала кезимде ырды, дил баянды жакшы жазчумун. Эми ушул талантымды таптай турган мезгил келди окшойт.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктилек Гүлжигит кызы: Бул жылы жазуучулук жагымды сынап көрөйүн деп турам. Чыгармамдан үзүндүлөрдү Facebook баракчама жарыялап, элдин сынына койдум
Журналистка и диктор телеканала Ала Тоо 24 Актилек Гулжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Актилек Гүлжигит кызы: Бул жылы жазуучулук жагымды сынап көрөйүн деп турам. Чыгармамдан үзүндүлөрдү Facebook баракчама жарыялап, элдин сынына койдум

— Кабарчы жана диктор болуудан сырткары атайын долбоорлорду даярдап эфирге алып чыгасыз. Ушул үчөөнүн ичинен кайсынысы сиздин жүрөгүңүзгө жакыныраак?

— Кабарчылык жүрөгүмө жакыныраак дээр элем. Эфирди алып барган да чоң жоопкерчилик, бирок отуруп эле сүйлөй бергенден көрө жер-жерлерди кыдырып, түрдүү окуяларга аралашып жүрсөң өзүңө жаңы нерселерди ачасың, жаңы адамдар менен таанышасың, ой-чабытың кеңейет. Түз эфир алып барып жүргөм, бирок өсүп-өнүп, такшалышыма кабарчылык абдан керек деп таштагым келбейт.

— Кээде чакырган коногуң убагында келбей, телефонун өчүрүп койгон учурлар кездешет. Айтсаңыз, журналисттин кандай учурда кыжыры кайнайт?

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Сиз айткан учурда бардык эле журналисттин жаны кашайса керек. Ал эми мен текст жаза албай калганда кыжырым кайнайт. Кээде чыгармачылык кризис болуп эки сөздүн башын бириктире албай чачың тик турат. Болбосо күнүгө эле ошол ишти кылып жүрөсүң.

Бишкекке келгенде байкадым, чоң эле мамлекеттик кызматтарда иштегендер кыргыз тилин билбейт экен. Ушунун айынан жиним келип чатакташып кеткен учурлар болот. Бир жыл мурун элге таанымал мамлекеттик кызматкер "мен кыргызча сүйлөй албайм, өзүңүз которуп алыңыз" дегенде "кантип эле Кыргызстанда туруп, кыргызча сүйлөй албайсыз" деп катуу чырдашып кеткем. Андан кийин үйрөндү окшойт, азыр кыргызча интервью берип калды. Аны көрүп ичим жылый түштү.

— Мүмкүнчүлүк болсо кимден интервью алмаксыз?

— Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон Исхак Раззаковдон, Төрөбай Кулатовдон, Чыңгыз Айтматовдон интервью алмакмын. Ал эми көзү тирүү легендалардан Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Зейнеп Шакеева, Болот Шамшиев жана башка бир топ инсандар менен кенен отуруп маек кургум келет. Бул сенин журналист катары көзгө басар эмгегиң болуп, түбөлүк кала берет.

© Фото / из личного архива Актилек Гулжигит кызыГүлжигит кызы: Алгач 2014-жылы КТРКнын Оштогу филиалына кастинг аркылуу ишке алынгам
Журналистка и диктор телеканала Ала Тоо 24 Актилек Гулжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит кызы: Алгач 2014-жылы КТРКнын Оштогу филиалына кастинг аркылуу ишке алынгам

— Алгачкы эмгек жолуңуз кайсы жерден башталган? Журналистикага жетелеген жол тууралуу кеп кылсак…

Диктор Аина Исакова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Аина Исакова: экинчи жубай болууга аял моралдык жактан даяр болуш керек
— Оштун Ноокат районунда төрөлүп, бирок Баткен шаарында таенемдин колунда чоңойдум. Журналист болуу такыр оюмда жок болчу. Телевидениеге чыгуу түшүмө да кирген эмес. Мен котормочу же мугалим болууну кыялдангам. Бирок мектепти бүтө электе турмушка чыгып кеттим. Эки балалуу болгондон кийин жалпы республикалык тестирлөөгө катышып 215 балл алдым. Мугалим болом деп Баткен мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырдым. Биринчи курста окуп жатканда бир курбум турмушка чыгып жатканын айтып, анын ордуна жергиликтүү телеканалда бир ай иштеп туруумду суранды. Барсам, бир көрүп эле жактырып, алып калышкан. Андан соң "Ош ТВ" телеканалында диктор болуп эки жылдай иштедим. 2014-жылы КТРКнын Оштогу филиалына кастинг аркылуу тандалып келдим. Кабарчылыкты ошондо үйрөндүм. Эки күн эфирге чыгып, эки күн сюжет даярдачумун. Кабарчы болуп калышыма Гүлбара Кенжеева менен Ибрагим Ашуровдор көп жардам беришкен.

— Эрте турмуш куруп калышыңызга эмне түрткү болду?

— Мени өзүбүздүн айылдык эле жигит ала качып кеткен. Анда мен 16да, жолдошум 23 жашта болчу. Эч нерсени түшүнгөн эмесмин, 17 жашымда тун баламды көрдүм. "Болду, мындан ары бала төрөп, күйөөмдүн кызматын кылып гана өтөм го" деген ойдо калгам.

— Мурда аны менен сүйлөшүп жүрчү белеңиз?

— Жолдошум менен биринчи жолу көчөдөн көрүшкөнбүз. Экинчи жолу менин туулган күнүмдө шоколад алып келип бергенде көрдүм. Мен анда олуттуу кабыл алган эмесмин, көрсө байкап жүргөн экен. Сулуулук сынактарына катышып, мектептен баштап айыл өкмөт, райондорго чейин барчумун. 2006-жылы мектепти бүтө элегимде ала качып кетти. 20дан ашуун адам жашаган чоң үй-бүлөгө бардым. Күйөөм 11 бир тууган: сегиз уул, үч кыз эле. Мен бешинчи келин болдум. Үйлөрүбүз башка болгону менен бир короодо жашап, казаныбыз бир болчу. Бир күн эртеден кечке кир жууп, эртеси нан жаап келин болгондон кийин ушул үйдүн кызматын кылышым керек деп жашачумун. Жети жылдай бирге жашап үч балалуу болдук. Окууга тапшырам дегенде күйөөм, кайнатам болуп аябай колдошкон.

© Фото / Артур БолжуровГүлжигит кызы: Интернетсиз жашаган маал, эки уулум жарыкка келген. Ал кезде теле эмес, жогорку окуу жайда окуйм деген нерсе түшүмө кирчү эмес
Журналистка и диктор телеканала Ала Тоо 24 Актилек Гулжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит кызы: Интернетсиз жашаган маал, эки уулум жарыкка келген. Ал кезде теле эмес, жогорку окуу жайда окуйм деген нерсе түшүмө кирчү эмес

— Демек жолдошуңуз сизди окуп, иштөөңүзгө шарт түзүп берген экен да.

— Ооба, чынында күйөөм мага жакшы эле колдоо көрсөттү. Экинчи балам төрөлгөндөн кийин окуп, иштеп калдым. Жумуштан чарчап келет деп кечинде тамак жасап койчу, балдарды бала бакчага өзү алып барып, өзү алып келчү. Аны көрө албагандар аялынын айтканын жасайт деп кеп кылышаар эле. Ошондо күйөөм менден бир нерсе чыгарын сезген окшойт.

— Сизди теледен көргүсү келчү беле?

Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон чоң жоопкерчилик экен
— Ошондой го… Анда тун уулум бир жашка чыга элек, кош бойлуумун. Эртели-кеч тандыр менен очоктун кашындамын. Казаным оттон түшпөйт. Бүткөн дүйнөм — үй-тиричилиги. Элге да, эрге да жагам деп күйпөлөңдөгөнүм күйпөлөңдөгөн. Конок аяк үзүлбөйт. Нанга ичим тар, жапкан отуз наным эки күнгө түтпөйт. "Нанды тез эле жеп коюшту" деп ыраматылык күйөөмө кадимкидей ыйлайм. Сандыкта нан калбай калса, итатайым тутат. Очор-бачар жашап жүргөн кез. "Жеңе, чай куюң, жеңе, дагы тамак, жеңе, кашык алып келиңчи, жеңе, көйнөгүм жуулганбы? Жеңе, дарбыз калдыбы?" Айтор, жеңе, жеңе, жеңе…

Түн жарымда өз бөлмөмө кирдим. Күйөөм "Ала Тоо жаңылыктарын" көрүп отуруптур. "Чарчадыңбы?" деди телевизордон көзүн албай. "Ананчы, нан эртең түгөнөт" дедим кабагымды чытып. "Капа болбочу, нанды жеш үчүн бышырып атасың да, кичине чыда. Бөлүнүп жашаганда жыргайсың. Карачы, жаңылыктарды татынакай кыздар алып барат. Курсактагы баланы төрөп алсаң, окутам. Анан "Ала Тоодон" чыгасың" деп маңдайыман сүйүп койду.

Ал кезде теле эмес, жогорку окуу жайда окуйм деген нерсе түшүмө кирчү эмес. Жадагалса, телевизор көрчү эмесмин. Ошондо күйөөмдүн сөзүнө көп деле маани бербей: "ой, койчу, каяктагыны айтпай" десем, "жок, көрөсүң" деп койгон эле. Анын бул айткандары эсимде да жок. Жакында эстеп, ыйладым. Көзү тирүү болсо азыр мени теледен көрүп отурбайт беле… 23 жашымда таштап кете берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовГүлжигит кызы: күйөөм каза болгондон кийин бир топко түшүмө кирип "кетели, мен сенсиз жашай албайм" деп жатты
Журналистка и диктор телеканала Ала Тоо 24 Актилек Гулжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит кызы: күйөөм каза болгондон кийин бир топко түшүмө кирип "кетели, мен сенсиз жашай албайм" деп жатты

— Күйөөңүз эмнеден улам каза болду?

— Боор циррозу менен ооруду, дагы башка себептери бар. Аны мен жалпы элге жарыя кылууну туура көрбөйм. Күйөөмдөн айрылгандан кийин чыныгы адамдардын жүзүн көрдүм. Бир топко чейин түшүмө кирип "кетели, мен сенсиз жашай албайм", деп жатты. Балдарым да "түшүмдө атам келди, жүр кеттик" деди дешет. Уктагандан да коркуп калгам. Азыр бир эле нерсе айта алам, жолдошум менин пайдубалымды түптөп, ушул деңгээлге жетишиме кандайдыр бир салымын кошо алды.

— Үч баланы жалгыз тарбиялып өстүрүү жаш энеге кыйын турса керек…

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Кыйын… Бул жерде апамдын орду чоң. Жолдошум каза болгондон кийин балдардымды алып төркүнүмө бардым. Көңүлүмө эч нерсе жакпай эки-үч ай стресс болуп жүрдүм. Бир күнү эле эмнегедир Ошко кетким келди. Апам "шаарда кантип жашайсың, же тууганың же таанышың жок" дегенине карабай жөнөп кеттим. Балдарымды апам карап калды. Маршруткадан түшүп эле бирөөдөн "Ош ТВ" телеканалына кантип барам" десем, "№2-автобуска түшөсүз" деп дарегин түшүндүрүп берди. Эптеп таап барсам, ошол күнү эле жумушка кабыл алышты. Анан ал жерден кечинде чыктым. Каякка барып түнөрүмдү деле билбейм. Кеч күз, аябай суук, аялдамада турам. Чөнтөгүмдө жарыган акчам жок. Эмне кылаарымды билбей нес болуп турам. Алыстан автобус көрүнүп калды, эмнегедир андан үмүт артып сүйүнүү менен күтүп жатам. Анан эле алдынан бир жеңил унаа келип токтоп, автобус андан айланып өтүп кетти. Жиним келип жанагы машинаны бир тептим. "Сен болбогондо мен кетип калмакмын" деп айдоочуну урушуп жатам. Ал "каякка барасың, мен эле таштап коёюнчу" дегенде "билбейм кайда барышты, бүгүн эле Баткенден келдим" дедим. Анан ал "биз аялым экөөбүз бул жакта убактылуу жашап жатабыз, сен биздин үйүбүздө жашап тур" деди. Азыр ойлосом, ошондо Кудай мени колдоптур. Ошентип жашоо өз нугуна түштү. Кийинчерээк балдарымды жаныма алып келдим. Алардын кылык-жоругуна кубанып, жумушка алаксып жашоо уланып жатат.

— Ал эми Бишкекке кантип келип калдыңыз?

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
— 2016-жылы КТРКдан кеткенден кийин эмне кылсам, айылга барсамбы, турмушка чыксамбы деп ар кандай ой болду. Бир күнү отуруп эле Бишкекке кетем деген ой келди. Эмне жумуш кылсам да Бишкекке барышым керек деп үйгө барып кийимдеримди жыйнап таксиге отуруп Бишкекке келе бергем. Бул жакта тааныш эжемдин үйүндө жашап жүрдүм. Бишкекке келгенимди билип, СТВ телеканалына чакырышкан. Ал жерде бир жылдай иштегенден кийин "Ала Тоо 24" ачылып ошол жакка кирип иштеп келе жатам.

— Бишкекке үч балаңызды алып келгенсизби?

— Балдарымды былтыр эле алып келдим. Учурда төртөөбүз бир үйдө жашап жатабыз. Балдар чоңойгон сайын кийимине, окуусуна көп каражат талап кылынат экен да. КТРКдан сырткары да эки-үч кошумча жумуштарда иштейм. Мисалы орусчадан которулган тексттерди редакциялоо сыяктуу иштерди жасайм. Кечинде 9-10дордо үйгө барып балдарды карап, тамак жасап, үй тиричилиги болот. Андан сырткары, кошумча жумуштарың менен иштейсиң. Балдарды да, жумушту да алып кетиш үчүн уйкуну азайтып, көп аракет кылыш керек экен. Азыр балдарым да чоңоюп түшүнүп калды. Чай кайнатып, жумуртка кууруп жегенди, кыскасын айтканда курсагын тойгузганды үйрөтүп койгом. Чалып койсом "апам бүгүн кеч келет экен, Таласка кетиптир, Нарынга кетиптир" деп улуу балам инилерин карап отура беришет. Үйдөгү эрежелер жазылган, ошону сактоо менен жашайбыз.

© Sputnik / Жоомарт УраимовГүлжигит кызы: Бойдок жигиттер колумду сурап "балдарыңызды багып алам" дешет. Бирок аларды жаштыкка салып жатат деп олуттуу кабыл албайм
Журналистка и диктор телеканала Ала Тоо 24 Актилек Гулжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит кызы: Бойдок жигиттер колумду сурап "балдарыңызды багып алам" дешет. Бирок аларды жаштыкка салып жатат деп олуттуу кабыл албайм

— Экинчи турмуш курайын деген ойлоруңуз барбы? Колуңузду сурагандар да көп болсо керек…

— Сунуш кылгандар көп. Арасында чиновниктер да бар. Айылда ата-энеме да барып турушат экен. Бирок жакынкы аралыкта турмушка чыгайын деген оюм жок. Ушул маселеге келгенде эч бир чечимге келе албайм. Экинчи турмуш болгондон кийин аябай кылдат карап, ар тараптан сынап дегендей. Колумду сураган жигит мага жагып турса да, чечим кабыл алуу кыйын болот.

— Үч баланын энеси экениңизди билгенден кийин оюнан кайтып кеткен жигиттер болобу?

— Көпчүлүгү ишенбей, өзүңдү менден алыстатыш үчүн эле айтып жатасың дешет. "Таанышалы, сизди жактырам, үй-бүлө куруу ниетим бар" деп айткандар болот. Алар көбүнчө үйлөнө элек, өзүмдөн кичүү балдар. "Баарына даярмын балдарыңызды да багып алам" дешет. Бирок аларды жаштыкка салып жатат деп олуттуу деле кабыл албайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0