Москвада 5-кабаттан кулаган аял Бишкекте. Ага Сабырбек Жумабеков операция жасайт

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБелгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү
Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаркынай Юсупова 1-январь күнү өзү жашап жаткан 5-кабаттагы үйүнүн терезесинен буту тайып кулап түшүп, оор жаракат алган болчу

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Москвада 5-кабаттан кулап кетип оор жаракат алган кыргызстандык Жаркынай Юсупова Бишкекке алып келинди. Бул туурасында мекендешине жардам чогултуу иштерине катышкан KG-ROSS коомунун мүчөсү Зулпидин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бейтап бүгүн, 20-январда, кечки саат 18.00дө “Манас” эл аралык аба майданына келип түшкөн. 

“Аэропорттон ары тез жардам унаасы менен алып кетишти. Эми ал белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун көзөмөлүндө болот, дарыгер операциясын да жасап бермей болду. Ал кишиге жардам сурап кайрылганыбызда макулдугун берген”, — деди Нурматов. 

Ереван шаары. Армения. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арменияда 2-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз Иранга мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн
Мындан сырткары, ал Юсуповага жардам көрсөтүү боюнча ачылган эсепке 228 миң 350 рубль (270 миң сом) чогулганын кошумчалады. Ошондой эле жардам көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын айтты. 

Эскерте кетсек, кыргызстандык аял 1-январь күнү өзү жашап жаткан 5-кабаттагы үйүнүн терезесинен буту тайып жерге кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки буту, жамбашы сынган. Дарыланууга чама-чаркы жетпегендиктен бейтап коомчулуктан жардам сурап кайрылган болчу. 

Жаркынай Юсупова Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынан болот, 5-класста окуган кызы бар. Анын Москва шаарында иштегендигине 10 жылга чукулдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0