Активисттер Ыманалы Саркуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамглавы ГУПМ Ыманалы Саркулов
Замглавы ГУПМ Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саркулов кыргызстандыктар милиция кызматкерлерин видеого тартып интернетке жүктөгөндөргө

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Активисттер ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловду кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Safari демилгечи тобунун катышуучусу Орозбек Бейшеналиев видео билдирүү жаздырып аны YouTube каналына жүктөп койгон.

Активисттер аткаминерди 19-январда өткөн маалымат жыйын учурунда айткан сөзү үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Анда журналист Саркуловго өлкө жарандары милиция кызматкерлери катышкан видео жана фото материалдарды таратууга тыюу салуу боюнча демилге тууралуу суроо узаткан болчу.

Буга Саркулов жарандардын каалоосу жок сүрөткө же видеого тартууга мыйзам жол бербей турганын айткан.

"Кыргызстандын мыйзамдары милициянын кызматкерлери үчүн дагы иштейт. Ага ылайык, эгер милиционер түшкөн видео же сүрөт интернетке чыкса биз укугубуздан колдонуп сотко бере алабыз", — деп билдирген Саркулов.

Бейшеналиевдин айтымында, активисттер жогорку кызматта отурган адамдын мындай кеби туура эместигин, себеби анын сөздөрү Баш мыйзамга каршы келерин билдиришүүдө.

Заместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения МВД Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Саркулов: былтыр 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан көз жумгандар аз болду
"Саркулов видео материалдарды жайылтууга тыюу салган бир дагы укуктук-нормативдик актыларды атаган жок. Бул жол менен ЖКККБнын жетекчилиги мыйзам бузган кызматкерлерин коомчулуктан жашырууга аракет кылып жатышат", — деди активист.

Ошондой эле Safari демилгечи тобу Баш мыйзамдын 43-беренесине (ар бир адам маалыматты ооз эки, жазуу же башка жол менен таратууга укуктуу) таянуу менен милициянын начальнигинин кебин жокко чыгарууда.

Учурда активисттер Саркуловго карата Башкы прокуратурага арыз жазууга жетишишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0