Жээнбеков миграцияны кантип токтотуу керектигин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны
Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент кепилдик фондуларын тааныш-билиштерге гана каражат таратпай аймактарга көңүл буруп, дыйкандардын насыя алуусуна жардам берүүгө чакырды

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өлкө башчысы губернатор болуп иштеп турганда миграцияны токтотууга күчү жетпегенин айтты. Эми бийлик өкүлдөрүнө бул маселени чечүүдө жардам берүүгө сөз берди.

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө.

Жээнбеков өкмөттү башкарып турганда "Үмүт" компаниясы Талас менен Ош облусунда филиалдарын ачкандан кийин сатып алуу баалары 5 сомго көтөрүлгөнүн айтты.

"3-4 уй бир үй-бүлөнү багат. Ошондой эле малды асылдандырууга көңүл буруу керек. Уйдан бир суткада 60 литр сүт алып, аны 20 сомдон сатса, бир күндө 1200 сомго, айына 36 миң сомго чейин иштеп тапса болот. Бул мигранттардын кирешеси менен барабар, ошентип миграцияны да токтотсо болот", — деди Жээнбеков.

Президент кепилдик фондуларын тааныш-билиштерге гана каражат таратпай аймактарга көңүл буруп, дыйкандардын насыя алуусуна жардам берүүгө чакырды.

Кепилдик фондуларын аз камсыз болгон дыйкандарга коммерциялык банктардан насыя алууда кол кабыш кылуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0