Аламан улакка түшкөн Жанар Акаев. Оштун Кара-Суусунан тартылган видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Республики Алтай по Кок-бору
Чемпионат Республики Алтай по Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон депутат кызуу талашка түшкөн атчандардын ортосунда туруп улакты такымга басып жатканын көрүүгө болот

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көбүк бүрккөн аргымактардын ортосуна кирип улак тартып жаткан видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Видеодон депутат кызуу талашка түшкөн атчандардын ортосунда туруп улакты такымга басып жатканын көрүүгө болот. Улакчылар да ага бербей тартышып жатышкан.

"Албетте, улакчы баатырларга тең келүү кыйын. Бирок аракет кылдык", — деп жазган Акаев.

Маалыматтарда аталган аламан улак Оштун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында узаган жекшемби күнү болгону айтылат. Анда жергиликтүү тургундардын бири атасына аш берген. Байгеге үч унаа, 10 тай жана башка майда жандыктар коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0