Электр зымы. Архивдик сүрөт

Бишкектин миңдеген үйү 9 млн. сомдук карыздан улам жарыксыз калды

114
(жаңыланган 14:31 24.01.2018)
Бересе болгон 1287 абоненттин 398и гана карызынан кутулган

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өз маалында төлөбөгөнү үчүн 1287 абоненттин жарыгы аралыкта туруп өчүрүлгөнүн "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматта электр энергиясы үчүн акча 8-январга чейин төлөнүшү керектиги айтылат. Жарыгы өчкөн абоненттердин жалпы карызы 9 миллион сомго чукулдап барат.

398 абонент карызынан кутулган. Алардын жарыгы да аралыктан туруп күйгүзүлгөн.

114
Белгилер:
карыз, абонент, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү башаламан сооданы жөнгө салууда