Араванда өспүрүмдү күйөөгө берген таене менен келин кылып алган кайнене соттолду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таене менен кошо кыздын кайненеси да жоопко тартылган

ОШ, 24-янв. — Sputnik. Араван райондук соту 16 жашка толо элек небересин күйөөгө берген таенени үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (никеге турууга мажбурлоо) менен айыпталган аял күнөөлүү деп табылды.

"Өкүмдө аялдын үч жылга эркинен ажыратылып, жазасын аялдар абагында өтөөсү көрсөтүлгөн. 63-берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, бир жыл сынак мөөнөтү белгиленди. Сынак мөөнөттүн ичинде айыпкер башка кылмыш жасабай, сот жүктөгөн милдеттерди аткарса өкүм аткарылбайт. Аталган факты боюнча Араван РИИБи тарабынан төрт адамга — жабырлануучунун таенесине, күйөөсүнө, кайненеси менен нике кыйган молдого карата кылмыш иши козголгон", — деди Осмонкулов.

Здание московского городского суда - Sputnik Кыргызстан
Төрт адамдын өмүрүн алган мас кыз. Чуу жаратып соттон кутулуп кеткендер
Маалым болгондой, өспүрүм кыздын кайненеси 2017-жылдын 13-октябрында Араван райондук соту тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле кодекстеги 63-берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленди.

Ал эми 20 жаштагы "күйөөнүн" жүргөн жери белгисиз болгондуктан Араван РИИБдин тергөөчүсү тарабынан кылмыш иш өндүрүштөн бөлүнгөн. Молдонун аракеттеринен кылмыштын курамы аныкталбагандыктан өндүрүштөн кыскартылган. Таенесинин соттук отурумда берген көрсөтмөсү боюнча, нике кыйылып жатканда кыз 18 жашка толду деп молдону алдашкан.

Жабырлануучу никеге турганга чейин бала менен жыныстык катнашта болуп, боюна бүткөндө нике кыйылганын айткан. Көз жарган өспүрүм кыз учурда кайненеси менен жашап жатканын айтты.

Райондук соттун өкүмү күчүнө кирди. Тараптар тарабынан даттануу болгон эмес.

Турмушка эрте же кеч чыгуунун күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0