Министрлик мектеп окуучуларын каникулга таратты

Жазылуу
Мекеме үзгүлтүккө учураган окуу программасы ишемби күн менен жазгы каникулдун эсебинен толукталарын белгиледи

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам 26-январдан тарта Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аялдамада транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катуу сууктан улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен беш күндүк окуу каралган мектептин окуучулары 26, 29 жана 30-январь күндөрү эс алат. Ал эми алты күн окуткан мектептер 26, 27, 29 жана 30-январь күндөрү эс алышат.

Мекеме үзгүлтүккө учураган окуу программасы ишемби күн менен жазгы каникулдун эсебинен толукталарын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү 30 градуска чейин жетери айтылган.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары 25-январь күнкү жыйынында окуучуларды каникулга таратуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0