Бала бакчалар да каникулга тарайбы? Министрликтин жообу

Жазылуу
26-январдан тарта Кыргызстандын мектептеринде окуу процесси токтотулмакчы

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам бала бакчалардын каникулга тараар-тарабасы жергиликтүү бийлик органдары менен аймактык билим берүү башкармалыгынын макулдашуусунун негизинде чечилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тартиби жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуунун негизинде чечилет.

"Баш мыйзамдын 45-беренесине ылайык негизги жалпы билим берүү милдеттүү болуп эсептелинет. Ушуга байланыштуу окуу процессин токтотуу тууралуу буйрук мектептерге гана тиешелүү. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тартиби жергиликтүү бийлик органдары менен аймактык билим берүү башкармалыгынын макулдашуусунун негизинде чечилет. Кесиптик билим берүү мекемелери чечимди кырдаалга жараша өз алдынча кабыл алат", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин министрлик катуу сууктан улам 26-январдан тарта Кыргызстандын мектептеринде окуу процесси токтотула турганын маалымдаган.

Эскерте кетсек, ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү 30 градуска чейин жетери маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0