Түлеевдин мамлекетке өткөн батирлери кимдин колуна тийген? Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев
Бывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-мэр мамлекетке келтирилген миллиондогон зыяндын бир бөлүгүн 11 батир менен жапкан

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы депутат, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин мамлекетке келтирген чыгымын толуктоо үчүн берген батирлеринин үчөө Башкы прокуратурага, сегизи Бишкек шаарынын мэриясына өткөн. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстандын жиберген сурамына жооп кылып, мэрия менен башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Түлеев соттун чечими менен мамлекетке келтирген 60 миллион 671 миң 304 сомдук материалдык чыгымды ордуна келтирген. Анын бир бөлүгүн акчалай берсе, калганын курулуп жаткан үйдөгү 11 батир менен жапкан.

Түлеевдин батирлери туурасында Sputnik Кыргызстандын жиберген сурамына Башкы прокуратура жооп кайтарып, үч батир аларга тийгендигин билдирди.

"Премьер-министрдин 2016-жылдын 30-майындагы тапшырмасынын негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 2016-жылдын 20-июнундагы буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 191 дарегинде жайгашкан бир бөлмөлүү үч батир Башкы прокуратурага кызматтык үй катары өткөрүлгөн. Алар ремонту жок, кара жумуш жасалгасы менен", — деп жооп беришти Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынан.

Ал эми калган үч бөлмөлүү сегиз батирди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлгөн.

НТС телеканалынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белизден белгисиз маалымат. НТСтин мүлкүн талашкан компания тууралуу
"2017-жылдын жай айларында Москва көчөсү, 191 дарагинде жайгашкан үйдөн үч бөлмөлүү сегиз батирди өткөрүп алганбыз. Алардын ремонту жок болгондуктан, учурда пайдаланууга бериле элек. Шаардын каражаты менен быйыл киши жашай тургандай кылып, ичин оңдоп-түзөйбүз", — деди Бишкектин Мунициапалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүров.

2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө коррупцияга катыштыгы бар, шаардагы бала бакчанын имаратын саткан жана муниципалдык 200 миллион сомдук облигацияны чыгарууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң райондук соттун чечимине карата доо арыз жазылып, ишти Бишкек шаардык соту караган. Аталган сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Иш Жогорку сотто да каралып, соттук коллегия бир аз өзгөртүү киргизип, 11 жыл жаза өткөрүүнү күчүндө калтырган. Андан сырткары, акчалай айып салган.

Түлеев эки ирет амнистияга дал келип, ага коюлган 35 миллион айыпты толук төлөгөн соң, 2017-жылы 7-майда эркиндикке чыккан. Ал абакта төрт жыл отурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0