Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот

© Фото / предоставлено Тилеком ТоктоналиевымПредприниматель Тилек Токтоналиев
Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Bloomberg журналынын маалыматына ылайык жакында эле жер жүзү боюнча Amazon.com компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос эң бай адам деп табылды. 2017-жылы анын байлыгы 105 миллиард долларды түзгөн.

Amazon интернет дүкөнүнөн бүгүнкү күндө АКШдан тышкары Европа өлкөлөрүн жарымы соода кылып, товар алат. Дал ушул электрондук дүкөндө Кыргызстанда отуруп деле иштеп, товар сатып жакшы эле каражат тапса болот. Дүйнөлүк электрондук дүкөндө иштөөнүн жана соода кылуунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттигине ишкер Тилек Токтоналиев айтып берди. Ал аталган сайтта бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп, баар таба баштаган.

— Алгач бизге Amazon дүкөнү тууралуу маалымат берип койсоңуз?

Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Француз легионундагы жоокер Болот Курманбеков: шарт мыкты, бирок мекен көздөн учат
— Аталган компаниянын негиздөөчүсү Безос бир ай мурда дүйнөнүн эң бай адамы деп таанылды. Себеби азыр АКШ элинин жарымы керектүү буюм, кийим, айтор, керектүү оокатынын баарын Amazon аркылуу сатып алат. Аталган электрондук дүкөн учурда Европа, Япония, Мексика жана башка өнүккөн өлкөлөрдө иштейт. Анын товар айлантуусу 2016-жылы 135 миллиард долларды түзгөн. Күнүнө бул интернет дүкөнгө мен билгенден 6 миллиондой киши кирсе, секундасына 400 товар сатылат. Бул соода-сатык үчүн эң чоң аянтча. Сатуучуларга товарлар үчүн атайын кампаларды ачып, элдин үйдө отуруп соода эле кылуусуна сонун шарт түзүп берген. Мындай мүмкүнчүлүктү биз да колдон чыгарбай пайдаланып калышыбыз керек.

— Сиз бул жакта кандайча иштеп калдыңыз?

— Негизи электрондук соода-сатыкка көптөн бери кызыгам. Интернет дүкөндөрүн карап, анализдеп жүрүп Amazon компаниясы тууралуу жакшы пикирлерди окуп калдым. Ал жакты жарым жылдай анализдеп, анан өз ишимди баштадым. Мени бул жерде өз мекениңде, үйдө отуруп эле соода кылуу мүмкүнчүлүгү кызыктырды.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваИшкер Тилек Токтоналиев: Amazon аркылуу акча табам дегендерге эң башкысы компьютер, анан интернет керек. Англис тили сөзсүз эмес. Google котормочунун жардамы менен деле иштесе болот
Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Тилек Токтоналиев: Amazon аркылуу акча табам дегендерге эң башкысы компьютер, анан интернет керек. Англис тили сөзсүз эмес. Google котормочунун жардамы менен деле иштесе болот

— Amazon аркылуу акча табам, иштейм дегендер алгач эмнеден башташы керек? Жол-жобосун түшүндүрүп берсеңиз.

— Бул жерде эң башкысы компьютер, анан интернет керек. Англис тили сөзсүз эмес. Google котормочунун жардамы менен деле иштесе болот. Башкысы — көп деле убактыңды албайт. Алгач Amazon сайтына кирип катталасыз. Катталуу мурда бекер жана оңой болчу. Азыр сатуучу көп болуп, ар кандай адамдар киргендиктен ар бирин текшерип калды. Андан соң өзүнчө аккаунт ачасыз. Андан соң сизге электрондук дүкөндөн "сиз катталдыңыз, иштей баштасаңыз болот" деген билдирүү келет. Ошондон баштап өзүңүз товар, жеткирүүчү таап сата баштасаңыз болот. 

— Жеткирүүчүнү, товарды Кыргызстандан эле таптыңыз беле?

— Негизи Кыргызстандан деле тапса болот. Бирок Кытайда логистика жакшы өнүгүп, товардын өздүк баасы арзан. Анан да каалаган товарыңды жасап беришет, аны өзүңдүн логотип, брендиң менен сатсаң болот. Мисалы мен ошондой жол менен баштагам. Анын үстүнө ал жакта өз баасы арзан, ыңгайлуу, жеткирүүчү көп. Мисалы Кытайда Alibaba.com деген сайт бар. Аны Кытайдагы жеткирүүчүлөрдүн эң чоң электрондук каталогу десек да болот. Alibaba бизге товарды алгандан баштап, жеткирүүгө чейин жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген. Төлөмдөрдү да көзөмөлдөп турат. Кокус жеткирүүчү бизди алдап кете турган болсо, Alibaba аркылуу акчабызды кайтарып ала алабыз.

— Ал жактан товарды түз эле АКШга жөнөтөт турбайсыздарбы анда?

— Ооба, ал жактан алган товар дароо эле АКШга кетет.

— Аны көрбөй, сапатын карабай эле жөнөтө бересиңерби? Же өзүңөр Кыйтага барасыңарбы?

Таиландда эмгектенген кыргызстандык Чолпон Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Чет элдиктерди стресстен арылткан Чолпон: акыл-эсти өнүктүрсөң калганы өзү келет
— Кытайга барбай эле интернет аркылуу алгач ошол товар өндүргөн фабриканы атайын Кытайдын инспекция фирмалары менен сүйлөшүп текшертебиз. Алар "өндүрүлгөн товар жакшы экен, ишенсе болот" деп уруксат бергенде гана аларга буйрутма беребиз. Даяр болгон соң алгачкы партиясын өзүбүзгө алдырып, сапатын дагы бир жолу карап көрүп, аны жакшылап сүрөткө тартып, анан аккаунтка өзүнчө баракча ачып жүктөйбүз. Сүрөт да жөнөкөй сүрөт эмес, сапаттуу тартылган болуш керек. Amazon товарыңды өткөрүү үчүн аккаунтка 9 сүрөт коюуга уруксат берген. Мисалы, сумка сата турган болсоң аны атайын студияга алып барып тарттырып, анан бир моделге карматып тарттырып, айтор кардарды кызыктырыш керек. Андан соң товардын алдына сүрөткө баяндама жазылат. Ал да товар өтүп кетиши үчүн кызыктуу болушу зарыл. Аны биз англисче шумдук кооз жаза албагандыктан атайын жарнама жазган копирайтерлерге жаздырабыз.

— Товар Amazon сайтынын кампасына түшкөндөн кийин да текшерилеби?

— Amazon жалаң сапаттуу товарларды сатат. Кардарлар да аны билет. Бирок жөнөтүлгөн товарды компания өзүнчө текшербейт. Эгер сапаты начар болсо кардарлар арыздана алат. Бул сенин аккаунтуңа кедергисин тийгизип, ал тургай жабылып калышы мүмкүн. Андыктан ар бир товар менен кылдат иштейбиз.

© Фото / предоставлено Тилеком ТоктоналиевымТилек Токтоналиевдин күнүнө Amazon аркылуу 30-50гө чейин товары өтөт. Көбүнчө алар үй тиричилигине жана спортко керектүү буюмдар
Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиевдин күнүнө Amazon аркылуу 30-50гө чейин товары өтөт. Көбүнчө алар үй тиричилигине жана спортко керектүү буюмдар

— Сиз кандай товарларды сатасыз?

— Үй тиричилигине, пикникке чыкканда жана спортко керектүү товарларды сатам. Негизи эле соода кылаарда тез эле жарабай, жыртылып же ирип-чирип кетпегендей, алыска жеткиче эч нерсе болбогондой товарды тандаш керек.

— Күнүнө канчасын сатасыз?

— Бул жерде соода товарга жараша болот. Эгер ал керектүү, өтүмдүү болсо жакшы эле кетет. Башында күнүнө 10го чукул буюм өтсө, азыр 30-50гө чейин сата алам. Башкача айтканда, күнүнө 20дай товар жөн эле өтөт. Бирок бул Amazon үчүн аз.

— Баалары кандай, бир айда сыр болбосо канча киреше табасыз?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Товарга жараша. Мисалы, үй тиричилигине керектүү бычактардын тобу 30 доллардан сатылат. Аны Кытайда эки долларга алабыз. Бирок ортодо жеткирүүчүгө, интернет дүкөндүн комиссиясына чыгымдалат. Товарлар мезгилге жараша да өтөт. Мисалы, көбү күзүндө, Жаңы жылга, Рождество майрамдарына аз калганда жакшы кетет. Менин тапкан акчам жакшы эле. Эгер күнүнө 10 доллардан беш товар сатсак, күнүнө 50 доллар түшөт. Аны 30 күнгө көбөйтсөк баш-аягы 1000 долларга чейин өзүбүзгө таза киреше алабыз. 

— Төлөмдөрдү банк аркылуу бүтүрөсүңөрбү?

— Ооба, Кытайдан товарды жөнөтөөрдө жана товар өткөн соң акчаны банк аркылуу алабыз. Бул жактагы банктардан атайын карточка ачтырып коюу керек.

— Сиздин саткан товарыңызга акча дароо түшөбү же кандайдыр убакытта айлык сыяктуу төлөп турабы?

— Товар сатылганда дароо эле менин аккаунтума түшөт. Бирок акчаны Amazon 14 күндө бир которуп турат.

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
— Бул сиздин негизги жумушуңузбу же кошумча акча табуу булагыбы?

— Негизи мен туризм тармагында иштечүмүн. Азыр бул менин негизги жумушум эмес. Күнүнө эки-үч саат убактымды бөлүп, кандай сатылып жатат же кардарлардын суроолоруна жооп берип коем, калганын электрондук дүкөн өзү сата берет. Андан тышкары, башка жумуштар менен алектенем.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваИшкер Тилек Токтоналиев: негизи эле соода кылаарда тез эле жарабай, жыртылып же ирип-чирип кетпегендей, алыска жеткиче эч нерсе болбогондой товарды тандаш керек
Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Тилек Токтоналиев: негизи эле соода кылаарда тез эле жарабай, жыртылып же ирип-чирип кетпегендей, алыска жеткиче эч нерсе болбогондой товарды тандаш керек

— Мындай ишкерликти башташ үчүн канча акча керек?

— Amazon сайтында соода кылуунун Dropship, Online Arbitrage жана Рrivate label деген үч түрдүү ыкмасы бар. Эгер акчаң аз болсо, мисалы, 500 долларың болсо Dropship деген ыкма менер баштасаң болот. Ал эми Online Arbitrage жана Рrivate label деген ыкмалары менен башташ үчүн 1000 долларга чейин баштапкы акчаң болгону жакшы. 

— Булар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?

— Рrivate label дегени бул өзүңдүн брендиң менен сатуу дегенди түшүндүрсө, Dropship ыкмасында соодагер ортомчу сыяктуу ролду ойнойт. Башка сайттан алып, кайра Amazon сайтынан сатат.

— Кыргызстандан чыккан товарларды сатып көрүүнү ойлонгон эмес белеңиз?

— Негизи сатса болот, бирок аларды алгач анализдеп көрүш керек. Менин билишимче өтүмү аз болот. Чыгымды жаппай, киреше аз болуп калышы ыктымал.

— Дүйнөлүк электрондук дүкөн бизге да келиши мүмкүнбү?

— Кийин уруксат бериши мүмкүн. Бул боюнча кат да жөнөтүп көргөнбүз. Бирок так жооп келген эмес. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТилек Токтоналиев: Кыргызстанда Amazon сайтында иштеп товар айлантуусу айына 30-40 миң долларга жетип калган ишкерлер бар
Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиев: Кыргызстанда Amazon сайтында иштеп товар айлантуусу айына 30-40 миң долларга жетип калган ишкерлер бар

— Кыргызстанда бул сайтта иштеп, соода кылгандар көп элеби?

— Мен билгенден 100дөн ашык адам иштейт. Ал жакта иштегендердин коому Бишкекте эми түзүлө баштады.

— Алардын ичинен көп киреше тапкандары барбы?

— Товар айлантуусу айына 30-40 миң долларга жетип калгандары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0