Дарыгерлер денесинен ийне табылган ымыркайдын чарчап калганын төгүндөдү

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташкенттеги республикалык ыкчам медициналык борбору ымыркай аман-эсен реанимация бөлүмүндө жатканын маалымдады

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзбекстанда денесинен 16 кийим тигүүчү ийне табылган ымыркай аман экенин Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Республикалык ыкчам медициналык жардам борборундагы өздүк булак наристе реанимация бөлүмүндө жатканын маалымат агенттигине кабарлаган.

Буга чейин бала чарчап калды деп Өзбекстандын Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева Facebook баракчасына жазган болчу.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун Жапалагында көк бөрүгө барган 12 жаштагы бала аттын алдында калып каза болду
22-январда РИА Новости агенттиги Фергана облусунун дарыгерлери ымыркайдын денесинен ийне таап чыкканын маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын айткан.

Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов kun.uz басылмасына ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун белгилеп, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин кошумчалаган.

Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөөсүн улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0