Калиев: ТЭЦте ири аварияга жол берилген жок

Жазылуу
Чиновниктин айтымында, жаңы салынган станция иштен чыккан эмес

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦте ири авариянын болуп кетишине жол берген жокпуз. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымына караганда, штаттык негизде тийиштүү чаралар көрүлгөн.

"Ири авариянын болуп кетишине жол берген жокпуз. Резервдик 20 мегаватт бар. Жылуулук системасындагы суунун температурасын 62 градуска чейин төмөндөттүк. Учурда адистер иштеп жатат. Бардык күчтөр жумшалып, иш активдүү түрдө жүрүүдө. Өлкө аймагы толугу менен жылуулук менен камсыз", — деди Айбек Калиев.

Работа ТЭЦ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат
Ал ошондой эле жаңы салынган станция иштен чыкпагандыгын белгиледи.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген. "Электр станцияларынын" маалымат кызматы 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0