Мазактап жүзүмө түкүрүп, сабагандар болгон. Селсаяк турмуштан баян

© Sputnik / Светлана Федотова"Коломтонун" убактылуу тургуну
Коломтонун убактылуу тургуну - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-жайсыз бишкектиктер баш калкалоочу жайдан Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова кабар алып келди.

Бишкекте баш катар жайы жок адамдар үчүн төрт башпаана иштейт. Жылдын бөлөк маалында алар адатта бош, бирок азыркыдай ызгаардуу суукта жылуулук тутуму өткөн жер төлөө менен муз тоңгон чатыр алдында күн кечирген селсаяктар жылуу-жумшак бул жайга баш багышат. Өздөрү келе албагандарын дарыгерлер, милиция же боорукер адамдар жеткирип келишет. "Коломтодо" азыркы тапта бош орун дээрлик жок калды. Жаңы келип жайгашкандардын бири жуурканга оронуп далисте жатат. Анын коңуругу таш жарып, кийимине сиңип калган заара жыты бүт имаратка жайылгандай.

© Sputnik / Светлана ФедотоваЯнварь ичи тышта калып тоңуп өлгөндөрдүн саны 15ке жетти
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январь ичи тышта калып тоңуп өлгөндөрдүн саны 15ке жетти

— Бул кишини жарым саат мурун алып келишти, антпесе, сыртта тоңуп калып жан бермек. Азыр уйкусун кандыргандан кийин жуунуп, өзүнө келип калат, – деди аталган жайдын жетекчисинин орун басары Сатымкул Молдолиев.

Бул мырза мында 20 жылга чукул убакыттан бери иштейт, "Коломтону" байырлагандар аны аны "дядя Саша" деп коюшат.

— Имарат толуп калганына карабай келгендерди биз кабыл ала беребиз. Кечкисин алар жолду өздөрү табат, айрымдарына жардам беришет. Биздин жайда эреже баарына бирдей — ичкилик ичүүгө жол берилбейт.

© Sputnik / Светлана ФедотоваШИИБ кызматкерлери Бишкек ичинде рейд жүргүзүп, үй-жайсыз калгандарды атайын жайга жеткирип турушат
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ кызматкерлери Бишкек ичинде рейд жүргүзүп, үй-жайсыз калгандарды атайын жайга жеткирип турушат

Биринчи кабаттагы далисте бир нече киши жатат. Алардын буттары кесилген, дааратканага оңой жетиши үчүн атайын ушул жерге жаткырылган.

Сатымкул байкенин айтымында, өздөрү басып тура албаган адамдарды бул жай негизи кабылдай албайт. Соцкызматкер алар "Серафимовкага" жөнөтүлөрүн түшүндүрдү.

"Коломтонун" убактылуу тургундары маек куруудан качышпайт. Каармандардын бири аларга чанда гана адамча мамиле жасаларын, ал эми бул жайда аздыр-көптүр баарлашуу бар экенин айтышты.

© Sputnik / Светлана ФедотоваУчурда "Коломтодо" 80ге чукул киши күн кечирип келет
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Учурда "Коломтодо" 80ге чукул киши күн кечирип келет

Алтынбек башпаанага бир-эки күн мурун түшкөн. Анын аяктарын үшүк ала баштаган. Азыр балдак таянып жүрөт.

— Арач иччүмүн, аялым эшикке кубалап чыккан. Андай деле берилип кетчү эмесмин, бирок арак келинчегимдин кыжырын кайнатчу. Балдарым менин бул жерде экендигимди билишпейт. Кайыр сураган күндөрүм болот, бирок көбүнчө тапканымды тартып алып коюшат. Башкысы, бир кесим нан жана бир стакан аракка жетсе болду.

Аны көчөдө тоңуп өлүп калбасын деп чочулаган адамдар алып келишкен.

— Андайларды чанда кезиктиресиң, аларга ыраазымын. Көпчүлүгү мендейлерди көргөндө бомж деп, жүзүмө түкүрүшөт. Өткөндө эле өспүрүмдөр, аларга каршылык көрсөтө албасымды билишет да, жөн гана мазакташ үчүн сабагылары келди.

© Sputnik / Светлана ФедотоваБул жакта спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бул жакта спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган

Биринчи май РИИБдин эски имаратын 90-жылдары мэрия башпаанага берген. Бөлмөлөрдүн саны теңме-тең элүүдөн. Күндүзү жарымы бош, жарыкта айрымдары тентип кетишет. Калгандары өз бөлмөлөрүндө, кээси ордун алдырып жибербеш үчүн тышка чыкпаса, кай бирлери барар жери жоктугунан күндүзү да бул жайда.

Мында ар кыл тагдырга кабылган адамдар жашайт. Айрымдары "Коломтого" бүт үй-бүлөсү менен түшөт. 57 жашар Еленаны көрүп, селсаяктардын башпаанасына эмнеге кабылганына түшүнбөйсүң. Ичпейт, иштейт, өзү да тың жүрөт. Чачы боелгон, кулагында алтын жалатылган сөйкө, кийимдери да тыкан.

…Бул жерде балам менен жашайм, маянам аз, батир ижаралоого шартым жок. Телевидениеде инженер болуп иштейм, каналыбыз үзгүлтүксүз көрсөтүп турушуна жооп берем. 2003-жылы көчөдө калганбыз.

© Sputnik / Светлана Федотова"Коломтону" баш пааналаган эркектердин 90 пайызы түрмөгө отуруп чыккандар
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коломтону" баш пааналаган эркектердин 90 пайызы түрмөгө отуруп чыккандар

8-кичирайондо турчумун, мени батирден чыгарып салышкан. Үйдө кийим тигип жан бакчумун. Документтеримди тартып алышып, натыйжада батирден чыгарып коюшту. Жалган айткан жерим жок, шаардагы бардык тергөөчүлөр мени таанып калган, кимге гана кайрылганым жок…

Колумда ымыркайым менен үйсүз калдым. Көп иш алмаштыргам, кээде төлөбөй да коюшчу, андайда баш калкалар жайы жок калчубуз. Бул башпаанага 2012-жылы түштүк, ошол жылы кыш катуу болгон. Уулум экөөбүздүн же барар жерибиз, же тууганыбыз, же акчабыз жок, бизди үйлөрдүн подъездине да киргизбей калышкан.

Селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы "селсаяк"... Мамат акеге тамак гана алып бере алдым
Сыртта майда бактар арасында жаттык, аябай коркунучтуу эле… Эртеси таңда ойгонбой деле калышыбыз мүмкүн да деген ой келген мага… Кийин бизди "Коломтого" алып келишти. Бул жай деле укмуш эмес, бирок ызгаарда көчөдө калгандан көрө артык эмеспи.

Түнкүсүн кээде коркунучтуу. Ар кандай адамдар келет. Түндөн аман чыгамбы деп деле чочулап кетем. Ичкиликке тыюу салынат, бирок баары бир кээ бирөө катып алып кирет. Жаңжалчыл кишилер келип калганда коркосуң… Өткөндө эле биздин бөлмөгө кирип келип, зордуктап сала жаздашты… Бул жайда дагы канча кармаларымды билбейм. Коңшум да уулу менен жашайт. Алар Оштон келиптир, барар жери жок, "Коломтого" киришти.

Жетекчинин орун басары бул жерде баш калкалаган эркектердин болжол менен 90 пайызы бир канча ирет соттолгон дейт. Экинчи кабаттагы эркектерди оолак кармаган бөлмөлөрдүн биринде үч киши олтурат. Алардын бири фотоаппаратты көрүп, аны сүрөткө тартпашымды өтүндү.

© Sputnik / Светлана ФедотоваҮй-жайсыз калгандардын дээрлик баарынын буту-колун үшүк алган
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үй-жайсыз калгандардын дээрлик баарынын буту-колун үшүк алган

— Уулум мени көрүп калбасын… Өзүм негизи сүрөтчүмүн, Ысык-Көлдө жашачумун. Бишкекке келатканымда мага кол салып, тоноп, документтеримди алып кетишкен. Ооруканада жаттым, ал жактан чыккандан кийин көчөдө калдым. Ошондон бери бутум аксайт, араң басам.

Ал аптыгып, кеби бири-бирине көп байланышпай, өз баянынын эң маанилүүсүн калтырып койгондой элес калтырат.

Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
Бирок Молдолиев көчөдө калган кишилер үчүн бул көнүмүш адат экенин белгиледи. Бул көз будамайлоо аракети эмес, селсаяктык турмуш жана ичкиликтин айынан алган жаракаттардын жыйынтыгында айрымдар окуялардын урунттуу учурларын таптакыр унутуп калышат.

Бул изолятордун ар бир тургунунун керебетинин башында бир нече китеп коюлган. 70ке таяп калган Станислав "Дон Кихотту" окуп жатат. Ал эркиндикке чыккан үч жылдан бери бул жайда баш калкалайт.

…9 жаштагы кызымды зордуктайбыз деген эки кишини өлтүрүп салдым. Эмне кылышым керек эле? Милиция мени камаганы келгенде качууга да тырышпадым. Соттолгонумда аялым ажырашуу үчүн арыз жазган. Түшүнсө болот, ага мендейдин кереги эмне. Жалпы 40 жылды абакта өткөрдүм.

© Sputnik / Светлана ФедотоваЖалпысынан Бишкекте баш пааналатуучу төрт жай иштейт
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жалпысынан Бишкекте баш пааналатуучу төрт жай иштейт

Түрмөдө баңгизатка берилип кеттим, ортомчу ташуучулардын бири мени айыпка жыгууга аракет кылды эле, "ломкадагы" маалым экен, аны өлтүрдүм. Жаза мөөнөтүмдү дагы узартышты. Чындыгында азатка чыгууну деле самабай калгам. Сыртта мени күткөн эч ким жок экендигин билчүмүн, ошондуктан абакта эле жан сактачумун.

Бир жаңжалда дагы бир кишинин жанын кыйдым. Ошентип улгайганча өмүрүм абакта өттү. Эркиндикке чыкканымда баары өзгөргөн экен. Мен камакта жаткан маалда союз таркап, Фрунзе шаары да, жакындарым да жок болуптур.

Аялым эбак эле турмушка чыгып, кызымды кошо өзүнө алган. Кызымды Лондондо жашарын гана билем. Ал мени эстебесе деле керек.

Биздин аңгемени топтошо кыйкырышкандар бөлүп койду.

— Айткылачы, бул жакка момундай киши түшкөн жок беле? Биз агабызды таба албай жүрөбүз, ооруканадан да, өлүкканадан да таппадык, жок дегенде бул жерден табылат чыгар…

"Коломтонун" кызматкери жана жашоочулары сүрөткө үңүлө тиктеп, бирок тааныбай тургандыгын айтышты.

© Sputnik / Светлана ФедотоваЫзгаарда кишинин агымы күчөйт
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ызгаарда кишинин агымы күчөйт

Ушул чакта "Коломто" башпаанасында 80ге жакын адам жашайт. Бир нече сааттан кийин Тыныстанов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул жайга шаардын булуң-бурчунан үй-жайсыз адамдарды (селсаяктарды) алып келишет.

Үй-жайсыз адамдар үчүн башпааналоочу жайлардын даректерин биле жүрүңүз

Жаңылыктар түрмөгү
0