Өткөн жумада мас болуп машина айдаган 200дөн ашык айдоочу кармалды

Жазылуу
Милиция айдоочуларды этият болуп, жол эрежелерин сактоого чакырат

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында бир жумада дээрлик 21 500 жол эрежесин бузуу катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Бишкекте чар жайыт токтогон шаар аралык таксилерге карата рейд жүрдү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чар жайыт токтогон шаар аралык таксилерге карата рейд жүрдү
Маалыматка ылайык, 213 айдоочу машинаны мас абалында айдаса, тийиштүү документи жок унаа башкарып жүргөндөргө карата 585 административдик протокол түзүлгөн. Ал эми атайын айып короого 774 автоунаа алып келинген.

Анын ичинен Бишкек шаарында туура эмес токтотулган 175 автоунаа эвакуатор менен атайын жайга жүктөлгөн.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды этият болуп, жол эрежелерин сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0