Бишкек ТЭЦинде дагы бир түтүк жарылды. Ушул тапта ишкананын абалы кандай

Жазылуу
Азыр кошумча №23 агрегатты ишке киргизүү пландалып жатат

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде №24 кошумча агрегатты иштетүү маалында диаметри 60 миллиметр болгон түтүк жарылып кетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева социалдык тармакка жазып чыкты.

"Кызматкерлер тез арада чара көрүп, жарылган жерди калыбына келтирип жатышат. Түтүктүн жарылып кетишине 20 градустук суук себеп болду", — деп жазды Айдаралиева.

Ошондой эле ушул тапта кошумча №23 агрегатты ишке киргизүү пландалып жатканы, жүгүрүктөгү суунун жылуулугу 50-60 градустун тегерегинде экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0