Аткаминерлер ТЭЦте маалымат жыйын өткөрүп, түзүлгөн абалдын чоо-жайын айтат

Жазылуу
Бир аз мурда ТЭЦте кошумча агрегатты ишке киргизүү учурунда түтүк жарылып кеткендиги тууралуу маалымдалган

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү саат 14.00дө Бишкек ТЭЦиндеги абал тууралуу тиешелүү органдар маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдиришти.

"Учурдагы абал тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг", "Электр станциялары", "Түндүк электр" жана "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканаларынын өкүлдөрү маалымат берет", — деп билдирмеде айтылат.

Эске салсак, бир аз мурда "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева ТЭЦте кошумча агрегатты ишке киргизүү учурунда түтүк жарылып кеткендиги тууралуу маалымдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0