Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу боюнча жаңы рекорд коюлду

Жазылуу
Негизги басым Бишкектен болуп жатат

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясын керектөө боюнча жаңы рекорд коюлду. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечки максимум жекшембиде, 28-январда болуп, керектөө 3193 мегаватты түзгөн. Негизги басым Бишкектен болуп жатат (1050 мегаватт).

"Катуу күч келип жатканына карабастан "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" штаттык режимде иштеп жатат. Өткөн сутка ичинде Бишкектеги 110 киловольттук трансформаторлорго бир аз күч келгени байкалды. Ал эми 500 жана 220 киловольттук трансформаторлорго күч келген жок", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ТЭЦиндеги кырдаалга байланыштуу күнү-түнү иштеген инженерлер тобу нөөмөттө турат. Буга чейинки рекорд 27-январда коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0