Президент Жээнбеков ТЭЦтеги авариянын кесепети боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кырдаалды талкуулады
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кырдаалды талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-январдын кечинде Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктар жылуулуксуз калган болчу

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Исаковдон ТЭЦ ишинин үзгүлтүккө учурашын тыкыр иликтөөнү талап кылып, шаардыктарды жылуулуксуз калтыргандарды жоопко тартуу керектигин айтты.

Андан сырткары, энергетика тармагындагы маселени комплекстүү чечүү керектигин кошумчалады.

"ТЭЦтеги абалды окуя болгондон бери өз көзөмөлүмө алдым. Жакын арада шаардыктардын үйүндөгү жылуулук калыбына келиши керек", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы, андан сырткары, оорукана, бала бакчалар, мектеп жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен туруктуу камсыздоо керектигин баса белгиледи.

Жээнбеков суук күндөргө чыдаган шаардыктарга, ТЭЦтеги кырсыктын кесепетин жоюу үчүн үч сутка тыным албай иштеп жаткан жумушчуларга ыраазычылык билдирди.

"Бир гана Бишкекте эмес, жалпы кыргызстандыктар жылуулук жана жарык менен камсыз болушу керек", — деди Жээнбеков.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦинде дагы бир түтүк жарылды. Ушул тапта ишкананын абалы кандай
Ошондой эле бардык коммуналдык кызматтар бирдиктүү иштеши керектигин айтып, бул сыноодон татыктуу чыгуу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар батареялардын муздап баштаганын социалдык тармактарда жазып баштаган. Кийин Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берчү түтүк жарылганы маалым болгон. 27-январда өкмөт үйүндө шашылыш маалымат жыйыны өтүп, кечки саат 10:00гө чейин маселе чечилерине сөз беришкен. Бирок аталган мөөнөттө оңдоо иштери аяктаган эмес. Түн ортосунда гана маселе жөнгө салынганы маалымдалган. Шаардыктар жекшемби күнү жылуулук калыбына келбегенин, үйлөр муздак экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0