Жылуулук боюнча жагдайдан улам газды колдонуу 40 пайызга көбөйгөн

© AP Photo / Joerg SarbachГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде газ плита узак убакыт күйүп турса кычкылтек түгөнүп, СО2 пайда болот да, ал ууланууга жана өлүмгө алып келиши толук мүмкүн.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарында 26-29-январь күндөрү жаратылыш газы адаттан көп колдонулуп, көлөмү бир суткада 1,7 миллион куб метрге жетти. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Бул пайыздык көрсөткүч менен алганда 40 пайызды түздү.

Бишкек шаарында жылуулук боюнча түзүлгөн кырдаалдан улам аталаган ишкана бир катар эскертүүлөрдү берди.

Өрттөнүп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ өрттөн сактануунун эрежелерин сунуштайт
"Үйдү газ плита менен жылытууга болбойт, бул өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн. Кароосуз калган оттун жалынга айланып кетүү тобокелдиги өтө жогору. Газ улам өчкөндө, газ плита бузук болсо же терезе ачык калганда от өчүп, ал эми топтолгон газдан улам үй жарылып кетиши мүмкүн. Эгерде газ плита узак убакыт күйүп турса кычкылтек түгөнүп, СО2 пайда болот да, ал ууланууга жана өлүмгө алып келиши толук мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Газпром бул эскертүүлөрдү берип, жарандардан газды кароосуз калтырбоону суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0