Капрон кийип сыртка чыккан казакстандык кыз үшүк алып кеткен бутун көрсөттү

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр. Архив
Жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу шаардык ооруканага түшүп, бир сутка жаткан

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Казкастандык студент кыз 35 градус суукта үшүк алып кеткен бутунун сүрөтүн социалдык тармакка чыгарып элдин оозун ачырды. Бул тууралуу Tengrinews маалымат агенттиги жазды. 

Жүрөк үшүн алган сүрөт Казакстандын социалдык тармактарына тарап кеткен. Сүрөттүн алдына Астананын жогорку окуу жайларынын биринде окуган студент кыз сыртка капрон колготки кийип чыгып, бутун үшүккө алдырып алганы жазылган.

Үй-жайсыз адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кечээ Бишкекте көчөдө калган эки адамдын сөөгү табылды
Окуя өткөн жуманын аягында болгон. Жабырлануучу Астанадагы Казакстан гуманитардык юридикалык университетинин 4-курстагы студенти экени аныкталган. Үшүк I-II даражада деп бааланууда. Бейтап хирургиянын ириң жана колопроктология бөлүмүнө жаткырылып медициналык жардам алды.

Кийинчерээк университеттин маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Махкамбаев студент кыз капрон колготки кийип алып аялдамада көпкө транспорт күткөнү үчүн бутун үшүк алып кеткенин Tengrinews агенттигине билдирген. Бейтап ооруканадан бир суткадан кийин чыгарылган. Учурда медицина борборуна бутун таңдыруу үчүн күнүгө келип жатат.

Студент кыз бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ушул сыяктуу окуя Кытайда дагы болгон. Үчүнчү класстын окуучусу башына шапка кийүүнү унутуп коюп, мектепке келгиче чачына муз тоңуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0