Тоңуп калган түтүктөр. Архивдик сүрөт

Бишкектеги көп кабаттуу эски үйлөрдө жылуулук берүүчү система тоңуп жатат

390
(жаңыланган 12:04 30.01.2018)
29-январда энергетиктер үйлөрү суук болуп жатканына арызданып, 79 ирет кайрылган

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы көп кабаттуу эски үйлөрдө жылуулук берүүчү система тоңуп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкек жылуулук тармагынан" кабарлашты.

Алар ызгаардуу сууктан улам жылуулук чатыр аркылуу келген эски үйлөрдө түтүктөр тоңуп, маселе жаралып жатканын айтышты.

"Кеп көп кабаттуу эски үйлөр туурасында болууда, себеби жылуулук берүүчү түтүк чатыр аркылуу келет. 29-январда шаардыктардан 76 арыз түшүп, алар бир ооздон үй сууктап жатканын айтышты. Биздин жумушчулар барып, тоңуп калган түтүктөрдү газ баллондор менен кактап жылытып жатышат. 41 арызды алып. Жерине барып. Жылытып бердик", — деп айтышты аталган ишкананын маалымат кызматынан.

Калган арыздар боюнча иш алып барылып, учурда жылытуучу 12 бригада иштеп жатканын айтышты.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

390
Белгилер:
жылуулук, көп кабаттуу үй, арыз, суук, ТЭЦ
Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
Тема боюнча
Суу азайып кеткен. ТЭЦтеги авариянын болжолдуу себеби айтылды
ТЭЦтин иши боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйын соңуна чыкты
ТЭЦтин экс-жетекчиси: Жылуулук электр борбору 23 градус суукка ылайыкталган
Бишкек ТЭЦинде дагы бир түтүк жарылды. Ушул тапта ишкананын абалы кандай
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Нарын облусундагы Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктунда

Кытай жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. "Торугарт" менен "Эркечтамдагы" абал

4
(жаңыланган 18:24 05.12.2020)
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусундагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, жүк өткөрүү боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чек арадан товарлардын автоматташтырылган эсеп системасы аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерин азайтат. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Нарын облусундагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди.

Анын айтымында, соңку айларда кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча бир канча сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Жакын арада "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барары макулдашылды. Мындан тышкары, кампа инфраструктурасын, товарларды жүктөө үчүн атайын крандарды орнотуу маселеси чечилди. "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча абал бир аз башкача, процесстер түшүнүү менен кабыл алынууда", — деген аткаминер.

Новиков эки көзөмөл-өткөрүү пунктунда санитардык талаптарды тыкыр аткаруу менен кадимки режимде иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн. Ошондой эле товарларды ташуу боюнча бирдиктүү алгоритм түзүүнү тапшырган.

4
Белгилер:
премьер-министр, "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунку, "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунку, Артем Новиков, Нарын
Тема боюнча
"Ак-Жол" өткөрмө бекетинин курулуш иши 68 пайызга аяктады. Сүрөттөр
Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев. Архивдик сүрөт

Сот Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарып, Фарид Ниязовду абакта калтырды

6
(жаңыланган 18:24 05.12.2020)
Жактоочунун айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Ал эми Ниязов эки айга камакта калды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылганын адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Бирок Фарид Ниязовду 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырганы белгилүү болду.

Эске салсак, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Ниязов менен УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. 

6
Белгилер:
камак, сот, Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Атамбаев ооруп калып бүгүнкү сот отуруму болбой калды