Бишкектин көчөлөрүндө жарык жок. Үнөмдөп жатышабы же авария аларга да жеттиби?

© Sputnik / Алимджан ВалиевОтключение фонарей на некоторых улицах Бишкека
Отключение фонарей на некоторых улицах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыктын эмне себептен өчүрүлгөнү белгисиз

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө жарык жок, бирок анын артында жайгашкан имараттарда электр жарыгы күйүп турат. Мындай көрүнүш Чүй, Эркиндик  проспектисинен, Киев, Абдрахманов көчөлөрүнөн жана түштүк магистралдан  байкалат.

Бул ТЭЦтеги авариядан улам жарыкты үнөмдөөбү же электр тармактарындагы чыңалууну азайтуу максатында жасалган кадамбы деген суроо жаралат. 

"Бишкексветтин" өкүлдөрү Sputnik Кыргызстандын өкүлүнө авария болгонун, бирок анын кандай мүнөздө экендигин тактап жатканын билдиришти.  

Алар бул суроо менен “Түндүк электр” ишканасына кайрылуубузга кеңеш беришип, “аларга бардык подстанциялар карайт” деп кошумчалашты.

Азырынча “Түндүк электр” ишканасына чалууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин премьер-министрдин кеңешчиси Гульнура Төралиева социалдык тармактарга аталган ишкананын телефон чалуу борбору тынымсыз иштеп жаткандыктан, башка номерлер менен байланышууга болорун жазган.

Алардын арасында “Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматынын өкүлдөрүнүн да телефондору бар эле.

Компания мындан бир аз мурдараак жолдогу жарыктарды өчүрүү пландалып жаткандыгын кабарлаган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0