Айыпталуучу. Архив

Темир Жумакадыровдун соту: прокурор айдоочуга 11 жыл берүүнү сурап жатат

93
(жаңыланган 15:02 26.02.2019)
Кыргызстандын биринчи вице-премьери Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза болгон

БИШКЕК, 30-янв. – Sputnik. Чүй облусунун Москва райондук сотунда өтүп жаткан сот жараянында мамлекеттик айыптоочу вице-премьер Темир Жумакадыровдун каза болушуна айыпталып жаткан айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 11 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

Айыпталуучу жогорудагы мөөнөттө эркинен ажыратуу менен бирге Таалайбек уулу Автандилден мамлекетке келтирген зыяны үчүн 2,1 миллион сом төлөтүп алууну талап кылды.

Соттолуп жаткан жаран толугу менен күнөөсүн мойнуна алган. Өкүмдү 2018-жылдын февраль айында Чүй облусунун Москва райондук соту чыгарары айтылды.

Айыпталуучунун адвокаты ал күнөөсүн мойнуна алгандыгын жана кырсык болгон жерден качып кетпегендигин эске алып, камакка албоону суранды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Темир Жумакадыровдун жаназасында
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жумакадыровдун каза болушу боюнча сот жараяны 2018-жылдын 25-январында болуп, ага сот Нурлан Ажыбеков төрагалык кылган.

Эске салсак, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында КамАЗ менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.

Милиция кийинчерээк жол кырсыгы кандайча болгондугун алгачкы маалыматтарында айтып берген. Жүк ташуучу автоунаанын алдына машина токтоп, андан качам же озуп өтөм деген КамАЗдын айдоочусу жолтандабас менен кагышып, аны 50 метрдей сүйрөп барып, жол жээгинде турган зым карагайды сүзүп, жолдон чыгып кеткен.

93
Белгилер:
жактоочу, айдоочу, сот, Темир Жумакадыров, Москва району
Тема:
Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы (33)
Тема боюнча
Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча сот башталды
Темир Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча иш сотко өттү
Кишенделген адам. Архив

Кыргызстандан АКШга барган аялдын табышмактуу жоголушу. Сот шектүү күйөөсүн актады

50
(жаңыланган 20:12 22.09.2020)
Кыргызстанда төрөлгөн аял 2012-жылдан бери дайынсыз болууда. Былтыр март айында анын америкалык жолдошу аны өлтүрүүгө шектелип кармалган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Пенсильвания штатынын аймактык соту Кыргызстанда төрөлгөн Рабихан Сейдерс (өзүнүн фамилиясы Хасанова) аттуу жубайын өлтүрдү деп шектелип жаткан Хэп Сейдерсти актады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

​Порталдын маалыматына караганда, аял 8,5 жылдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. 2012-жылдын март айында анын кызы энеси жоголгонун айтып полицияга кайрылган. Аны акыркы жолу Камберленд графтыгындагы Silver Spring Township шаарчасындагы үйүнө жакын жайгашкан дарыкананын жанынан көрүшкөн. Тергөө органдары анын сүрөтүн бардык полиция участкаларына жиберип, кредиттик карталарына чейин текшеришкен. Мындан сырткары, АКШнын Ички коопсуздук министрлигине кайрылып, Рабихан Сейдерс өлкөдөн чыккан-чыкпаганын сүрүштүрүшкөн. Бирок ушул убакка чейин аялдын тирүү экенинен кабар берген бир дагы далил табылган эмес.

Дайын-дареги билинбей жаткан аял болочоктогу жолдошу менен Атлантик-Ситидеги казинолордун биринде массажист болуп иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Кийин экөөнүн мамилеси жакшы болуп, Рабихан анын үйүнө көчүп барган. Хэп Сайдерс тыйын сатып, сейрек кездешкен баалуу металлдарды коллекциялоо менен алектенип келген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Рабиханды күйөөсү өлтүрүп, сөөгүн каминге өрттөп жиберген. Айыптоочу тарап кишинин үйүнүн жалюзиси бир нече күн бою жабык туруп, мешинин морунан кара түтүн чыгып турганын айткан. Мындан тышкары, шектүүнүн үйүндөгү каминдин ичинен адамдын сөөктөрү табылган. Өткөн жылдын март айында жубайын өлтүрүүгө шектелген Сайдерс камакка алынган. Ага жети жыл берилери болжолдонгон.

"Биз Хэп Сейдерс Рабиханды өлтүргөнүн билебиз", — деп аймактык прокурордун жардамчысы билдирген.

Ал эми сотто Сейдерстин адвокаты каминден табылган калдык Рабиханга тийиштүү экенин тастыктоочу ДНК-тест жүргүзүлбөгөнүн белгилеген. Ал ошондой эле соттун жетинчи жыйынында америкалык тергөөчүлөр Рабиханды Кыргызстандан издеп көрбөгөнүн кошумчалаган. Жактоочунун айтымында, Рабихан жолдошунун үч миллион долларын жана алтын куймаларын уурдап качып кетиши ыктымал.

"Ал балээге кабылган аял эмес, ал атайын план түзүп алган аял болгон", — деп билдирген жактоочу.

Натыйжада Хэп Сейдерс бардык айыптоолор боюнча акталып, соттун залынан бошотулган.

50
Белгилер:
адам өлтүрүү, кылмыш, полиция, дайынсыздар, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя
РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук. Архивдик сүрөт

КР РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

55
(жаңыланган 17:29 22.09.2020)
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

55
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, иш-чара
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео