Нарын облусун өнүктүрүүгө ишкерлер да жардам бермей болду

© Фото / Нурзада МукашеваНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусу айыл жана мал чарбасына ылайыкташкандыктан калктын негизги кирешеси эт, сүт жана айыл чарба азыктарынан түшөт

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Региондорду өнүктүрүү жылына карата Нарын дубанынын ишкерлери менен облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Бишкек шаарында жолукту. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрү, ЖК депутаттары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун акимдери, айыл аймактардын башчылары жана коомдук ишмерлер катышты.

Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот
Нарын облусу айыл жана мал чарбасына ылайыкташкандыктан калктын негизги кирешеси эт, сүт жана айыл чарба азыктарынан түшөт.

Мамлекет Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине байланыштуу дыйкан, фермерлерге өндүргөн азыктарын экспорттоого жол ачылган. Кайыпов иш алып барууда кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ар бир райондордун борборуна куруу бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилеп, 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунда аткарыла турган бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга чакырды.

Дубан башчысы чогулгандарга алдыдагы пландалып жаткан ири долбоорлор боюнча маалымат берди.

"Алгач облусту өнүктүрүү максатында кабыл алынган Жол картасына ылайык акыркы 5 жыл аралыгында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, аймактардын инфраструктурасын көтөрүү жана кайра иштетүү тармагы колго алынганы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда катышуучулардын айрымдары кичи мекенинин инфраструктурасын жакшыртуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, коомдук эс алуу жайларын уюштуруу милдетин алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0