Бишкек ТЭЦинде 200 кытай жараны иштейт. Алар эмне менен алектенет

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда премьер Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ТЭЦтин айланасындагы абал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде учурда 200 кытай жараны иштейт. Бул тууралуу ТЭЦтин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу эл өкүлү Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Учурда премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ТЭЦтин айланасындагы абал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Депутат ошондой эле кытай жарандары канча айлык аларын, ал ким тарабынан төлөнөрүн жана алардын жашоо-турмушу ким тарабынан камсыздаларына кызыкты.

Өз кезегинде Өмүркул уулу ТЭЦте иштеп жаткан кытай жарандары келишимдин негизинде иштеп жатканын айтып, канча айлык алары боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады.

"ТЭЦтеги кытай жарандары имаратты модернизациялоо үчүн атайын 1500 кишиге ылайыктап курулган шаарчада турушат. Бул иштер УКМК менен биргеликте жүрөт. Ал эми алардын жарыкка, сууга кеткен чыгымдарын ТЭЦ төлөп берет", — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Руслан Казакбаев ТЭЦте иштеп жаткан 20 кытай тургунунун айлыгы 8300 доллар экенин айтып, эки жыл ичинде бул сумма 3 миллион долларга жетерин билдирген.

Ал эми ТЭЦтин өкүлү бул суммага бир гана айлык-акы кирбестен, жабдуулардын да баасы кошулганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0