Депутат: Кыргызстандын энергетикасын мугалим менен тигүүчү башкарып жатат

Жазылуу
Бакыт Эсенбаев тигүү инженери, Эрали Козубаев Coca Cola ишканасынын мурдагы кызматкери, Нурбек Төкөлдөшев мугалим экенин депутат айтып чыкты

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Депутат Тынчтыкбек Шайназаров Улуттук энергетикалык холдингдин кадрдык саясатына нааразы болду.

Анын айтымында, холдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков гана энергетика тармагында тажрыйбасы бар адам. Ал эми Бакыт Эсенбаев тигүү инженери, Эрали Козубаев Coca Cola ишканасынын мурдагы кызматкери, Нурбек Төкөлдөшев мугалим деген депутат булардын бардыгы Калиевдин орун басарлары экенин белгилеп өттү.

"Мен сизди сыйлайм. Бирок энергетика министринин орун басары болуп турган кезге чейин бир дагы күн аталган тармакта иштеп көргөн эмессиз. Анан кол алдыңардагы жумушчуларды эмнеге үйрөтмөк элеңер", — деп депутат нааразы болду.

Исаков өз учурунда учурдагы команда менеджер катары ишке алынышканын жана Козубаев дүйнөдөгү мыкты менедженерлердин бири болуп табылганын белгилеп өттү.

Эл өкүлү Баходыр Сулейманов болсо Айбек Калиев эч нерсеге жоопкерчилик албай жатканына нааразы болду.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат
"Германияда транспорт министри унааны катуу айдап койгону үчүн Бундестагда аны иштен алуу боюнча маселе көтөрүлдү. Орустарда "башкалар коркушу үчүн өз адамыңды жазала" деген макал бар", — деди депутат.

Ал ошондой эле коррупцияга айыптуу тараптарды кошо иштен алууну сунуштады.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн ТЭЦтеги авариянын кесепети тууралуу отчетун угуп жатат. Жыйын суроо-жооп иретинде өтүүдө.

Жыйын түз алып берүүдөн көрсөтүлүп, жүрүшүн тексттик трансляция чагылдырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0