"Ала-Арча" суусундагы муздарды тазалоого шаар мэриясы дагы киришти

© Sputnik / Михаил ДудинРека Ала-Арча вышла из берегов в Бишкеке
Река Ала-Арча вышла из берегов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык бийлик тарабынан "Ала-Арча" жана "Аламүдүн" сууларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатат

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы ӨКМ менен биргеликте "Ала-Арча" суусун тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, шаршемби күнү "Ала-Арча" дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп кеткен видеосу чыккан. Суу музду жогору жактан агызып келип, Москва көчөсүндөгү үч үйдүн, Рыскулов көчөсүндөгү дагы бир үйдүн короосун каптаган. Жеринде куткаруучулар жана атайын техника иштеген.

"ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы Ленин райондук администрациясы жана "Бишкек жашыл чарба" ишканасы менен биргеликте "Ала-Арча" суусун ширелип калган муз сыныктарынан тазалап жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Рыскулов көчөсүндө топтолгон муз көбөйгөндүктөн, сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугу үчүн дамба орнотулуп, кум салынган каптар менен бекемделген.

Учурда шаардык бийлик тарабынан "Ала-Арча" жана "Аламүдүн" сууларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0