Түштүк региондун дыйкан-фермерлери окуудан өтүп жатат

Жазылуу
Семинарлар 10 күнгө созулмакчы

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги 1-февралдан тарта түштүк жергесиндеги дыйкан-фермерлерди окута баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы жаңы технологияларды жайылтуу боюнча семинарлар 10 күнгө созулмакчы.

"Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйкан-фермерлери малды тоюттандыруу эрежелери, жайыт абалын баалоо, өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, талаш-тартыш маселелер, алардын чечүү жолдору, карантин темалары боюнча маалыматтарды алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Семинардын жүрүшүндө дыйкандар жана фермерлер министрликтен барган адистерге өздөрүн кызыктырган бардык суроолорду бере алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0