Күбө: Улуттук госпиталда рентген сүрөтү батареяга кургатылып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын Нур диагностикасы бөлүмүнүн жетекчиси кардарлардын көптүгүнөн улам батареяга коюп кургатууга мажбур болушканын билдирди

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Канат Хасанов аттуу интернет колдонуучу Facebook тармагындагы баракчасына рентген сүрөтү жылытуу батареясына кыстарылып турган сүрөттү жарыялады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Хасановдун өзү менен байланышканда ал сүрөттү бүгүн саат 13.30дар чамасында Улуттук госпиталдын 1-кабатындагы рентген кабинетинен тартканын айтты. 

© Фото / Канат ХасановРентген сүрөтү жылытуу батареясына кыстарылып турат
Состояние Национального госпиталя в КР - Sputnik Кыргызстан
Рентген сүрөтү жылытуу батареясына кыстарылып турат

"Мен өзүм рентгенге түшүүгө баргам. Кезек күткөндөр көп экен. Ал жерде иштеген бир эже рентген сүрөтүн алып келип батареяга кыстарып коюп, жанымдагы турган кишиге кургасын деп жооп берди", — деди Хасанов.

Бул боюнча Улуттук госпиталдын Нур диагностикасы бөлүмүнүн башчысы Салия Ермекова кардарлардын көптүгүнөн улам батареяга коюп кургатууга мажбур болушканын моюндады.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталда жылытуу системасы тоңуп калды
"Негизи рентген сүрөтү лабораторияда атайын алкакка салып кургатылат. Бул боюнча териштирсем ал жерде иштеген кыздар бүгүн, дүйшөмбү күнү, кардарлар көп болгондуктан, жетишпей баратып бирөөнү батареяга коюп кургатышканын айтты. Жаңы чыкканда эмес, чекелери кургабай калганда анан коюшкан экен", — деди Ермекова.

Ошондой эле ал мындай шартта кургатуу тартылган сүрөткө терс таасир тийгизбей турганын кошумчалады. Башкача айтканда, батареяда кургатуу анчалык кооптуу эмес.

Бир жума мурун Бишкек ТЭЦ аварияга учураган маалда Улуттук госпиталдын жылытуу системасы тоңуп калган. Саламаттык сактоо министрлиги 5-февралдан тарта система оңолуп ишке берилгенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0