Дарыгер: Москвадан келген эки ымыркайдан 26 адамга кызылча оорусу жукту

Жазылуу
Дарыгер белгилегендей, анализ ымыркайлардын кызылча оорусунун В3 вирусу менен жабыркаганын көрсөткөн. Кыргызстанда вирустун мындай түрү жок болчу

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта кызылча оорусуна кабылууга шектелип 74 адам кайрылган. 27 кишинин дарты лабораториялык изилдөөдөн тастыкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине дарыгер иммунолог Жолдош Калилов билдирди.

Буга чейин окурмандар кызылча оорусу күчөп жаткандыгы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактап берүүнү суранып Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышкан болчу.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Анын айтымында, дартка кабылгандардын үчөө чоң адамдар, калганы кичинекей балдар.

"2017-жылдын ноябрь айында Москвадан Бишкекке эки балалуу келин келген. Бири 1 жаш 10 айлык болсо, экинчиси 9 айлык. Алардын эти ысып ооруй баштаганда энеси ооруканага алып келген. Натыйжада наристелердин кызылча дартына кабылганы маалым болду (энесине дагы жуккан). Өкүнүчтүүсү, илдет ымыркайлар менен байланышта болгон дагы 26 адамдан да табылды (туугандары, кошуналары)", — деди Калилов.

Дарыгер белгилегендей, анализ ымыркайлардын кызылча оорусунун В3 вирусу менен жабыркаганын көрсөткөн.

"Кыргызстанда кызылчанын В3 деген түрү жок. 2015-жылы D8 деген түрү тараган болчу. Ымыркайлардын анализин Москвага жөнөткөнүбүздө алар дагы В3 түрү экенин тастыкташты. Бул вирус көбүнчө ошол Россия, Украина тарапта көп жайылган. Бирок бул вирус башкалардан айырмаланып өтө коркунучтуу эмес. Дарыласа болот", — деди иммунолог.

Ал ошондой Бишкекте 21, Чүйдүн Сокулугунда 5 жана Жалал-Абадда 1 адам кызылчага кабылганын кошумчалап, эпидемия жок экенин белгиледи.

Баланы кыйнаган кызылча оорусун алдын алып же белгилерин биле жүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0