iPhone X смартфону. Архив

iPhone Х колдонгондор смартфондон дагы бир кемчилик таап арызданышууда

198
(жаңыланган 10:24 07.02.2018)
Apple компаниясынын өкүлдөрү көйгөйдүн себебин изилдеп жатышканын билдирген

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. iPhone X смартфонунун ээлери бирөөдөн келген чалууларды кабыл алууда кыйынчылык жаралып жатканын айтып Apple компаниясына арызданышты. Бул туурасында Mashable порталы жазып чыкты.

Смартфон ээлеринин билдиришинче, телефонго чалуу келген учурда күтүү режиминен чыкпай, экраны иштебей калууда. ЖМКлар мындай көйгөй жүздөгөн адамдарда катталып жатканын жазып чыкты.

Apple компаниясынын өкүлдөрү, бул боюнча отчетторду карап, себебин изилдеп жатышканын билдирген. Ал эми ишкананын эксперттери iPhone ээлерине телефонду иштетүүдө кыйынчылык жаралган маалда расмий кызмат көрсөтүү борборлоруна кайрылууну сунуштоодо.

Кыргызстанда эски телефондор жаңыларга караганда канчалык арзан экенин статистикадан көрүңүздөр.

198
Белгилер:
iPhone, телефон
Тема боюнча
Apple: iPhone X телефонунда кемчилик бар экени чындык
АКШда телефон ташып бараткан унаадан 300дөн ашуун iPhone Х каракталды